Президент Режеп Таййип Эрдоган АК партиянын Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча башкармалыгынын координациясы астында жана Кожаели шаардык мэриясы тарабынан өткөрүлгөн "Түрк дүйнөсүнүн жаштар жолугушуусуна" билдирүү жөнөттү.
"Биздин өнөктөштүгүбүз карталар чийген чек аралар менен чектелбейт. Шериктештигибиз терең тамырлаган тарыхка, бай маданиятка жана күчтүү эмоционалдык байланышка негизделген. Энергияңызды жалпы идеалдын айланасында гүлдөп-өнүгүү үчүн бириктирген сиз жаштарга эң күчтүү колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Түркия катары ушул айдын аягында Анкарада өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммити аркылуу "Тилде, пикирде жана иште биримдик" идеалыбызды андан ары өнүктүрүүнү максат кылабыз".






















