ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Колумбия израилдик дипломаттарды өлкөдөн чыгарды
Колумбиянын президенти Густаво Петро Нетаньяхунун кол салуусун жаңы эл аралык кылмыш деп сыпаттады.
Колумбия израилдик дипломаттарды өлкөдөн чыгарды
Колумбия израилдик дипломаттарды өлкөдөн чыгарды / Reuters

Колумбиянын президенти Густаво Петро, Израилдин дипломатиялык делегациясын өлкөдөн чыгаруу буйругун берди. Бул чечим Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө аракет кылган флотилиядагы эки колумбиялык жарандын кармалышынан кийин кабыл алынды.

Мануэла Бедоя менен Луна Баррето, Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү максат кылган эл аралык демилге болгон Глобалдык Сумуд флотилиясынын экипаж мүчөлөрүнөн эле. Global Movement to Gaza тарабынан жарыяланган билдирүүгө караганда, флотилия жээктен 150 деңиз миль аралыкка жеткенден кийин Израиль армиясы аялдарды мыйзамсыз түрдө камакка алды.

Билдирүүдө “150 деңиз милине жеткенден кийин... Колумбия убактысы боюнча кечки саат 6:59да (UTC 23:59) Израилдик кемелердин кол салуусу башталды”, - деп айтылды. Берки флотилиялардын да “чабуулга же кармоого дуушар болгондугу” белгиленип, бул аракеттер “эл аралык мыйзамдарга жана Женева келишимдерине каршы келет” деп мүнөздөлдү.

Петро X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө бул маалыматтар чын болсо, анда мунун “Биньямин Нетаньяху тарабынан жасалган жаңы эл аралык кылмыш” деп эсептелээрин айтты. Ошондой эле “Израиль менен Эркин соода келишими дароо жокко чыгарылат” деп кабарлады. Буга чейин эле Петро Израиль менен болгон келишимди токтотуу ниетин билдирген.

2024-жылдын май айында Петро Израиль менен дипломатиялык мамилелерди үзгөн, бирок бул билдирүүсү менен Колумбиядагы бардык дипломатиялык өкүлдөрдү дароо өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди.

Тышкы иштер министрлиги Израиль сотторунда да доо арыздарды берерин айткан Петро эл аралык юристтерди Колумбиянын юридикалык тобун колдоого чакырды.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди