Рим папасы Франциск дүйнөдөн кайтты: Ватикан
Латын Америкалык болгон Папа Франциск реформа аракеттери жана ден соолугуна байланыштуу маселелер менен өткөргөн 12 жылдык лидерликтен кийин 88 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ватикан жекшемби күнү жарыялаган бир видео билдирүү менен Рим - католик чиркөөсүнүн биринчи латын америкалык лидери болгон Папа Францисктин дүйнөдөн кайткандыгын жарыялады. Бул жоготуу папанын чиркөөнү кайра курууга аракет кылган бирок көп учурда бөлүнүү жана талаш - тартыштуу мезгилди акырына чыгарды.
Ватикан камергери, кардинал Кевин Феррелл берген билдирүүсүндө :”Бүгүн эрте менен саат 7:35те Рим эпискобу Франциск Кудайдын үйүнө кайтты. Өмүрүн Кудайга жана чиркөөгө кызмат кылууга арнады”,- деди.
88 жашындагы Папа Франциск 12 жылдык папалыгында түрдүү оорулар менен күрөштү.