ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Шанлыурфада өткөрүлүүчү дүйнөдөгү эң ири авиация, космос жана технология фестивалы болгон ТЕКНОФЕСТтин үчүнчү күнүндө коноктор SOLOTÜRK авиашоулоруна, элдик бийлерге, илимий семинарларга, симуляциялык тажрыйбаларга жана көргөзмөлөргө күбө болушат.
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
(АРХИВ) Фестивалда бүгүн Түрк Аба күчтөрүнүн көрсөтүү тобу SOLOTÜRK учуу жасайт.

Авиция, космос жана технология фестивали (TEKNOFEST) Шанлыурфа GAP аэропортунда улантылууда.

Көптөгөн маданий иш-чаралар өтүп жаткан фестивалда Түркиянын Элдик бий федерациясынын көргөзмө тобу өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы элдик бийлерди ТЕКНОФЕСТ конокторуна тартуулайт.

Ар кандай курактагы катышуучулар үчүн алдыңкы технологиялык симуляциялардан баштап, илимий семинарларга жана көргөзмөлөргө чейинки иш-чараларды камтыган бул масштабдуу иш-чарада авиация жана коргонуу өнөр жайынын авиашоулору да өткөрүлөт.

Фестиваль 4-октябрга чейин уланат.

Фестивалда бүгүн Түрк Аба күчтөрүнүн SOLOTÜRK көрсөтүүчү тобу учушат..

Фестивалда өзгөчө сахналык көрсөтүүлөр, көргөзмөлөр, билим берүүчү семинарлар, симуляциялык тажрыйба аянтчалары, планетарий, илимий шоулар, ТЕКНОФЕСТ Убакыт туннели, улуттук деңиз, кургактык жана аба унааларынын көргөзмөсү, жарманке иш-чаралары жана окуучулар үчүн атайын биринчи учуу иш-чаралары сыяктуу көптөгөн тажрыйбалар конокторго сунушталат.

Фестивалдын үчүнчү күнү концерт менен аяктайт.

ТЕКНОФЕСТ Түштүк-Чыгыш 4-октябрга чейин ар түрдүү иш-чаралар менен улантылат.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди