ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россия менен Украина катуу кагылышуулар учурунда өлүмгө дуушар кылуучу соккуларды улантышты
Россиянын Украинанын Харьков шаарына жасаган масштабдуу ракеталык чабуулу бир нече адамдын өлүмүнө жана бир катар имараттардын зыянга учурашына алып келди, ал эми Киев Москва облусун учкучсуз учактар менен бутага алды.
Россия менен Украина катуу кагылышуулар учурунда өлүмгө дуушар кылуучу соккуларды улантышты
/ Reuters
7 Июнь 2025

Россия түн ичинде Украинанын чыгышындагы Харьков шаарына дрондор, ракеталар жана башкарылуучу бомбалар менен чабуул жасады. Шаардын мэри Ихор Терехов ишемби күнү берген маалыматында кеминде үч адам каза таап, 22 адамдын жараат алганын, анын ичинде бир жарым айлык наристенин бар экенин билдирди.

Украинанын эң чоң шаарларынын бири жана Россия чек арасынан 40 километр алыстыкта жайгашкан Харьков, үч жылдан ашык убакыттан бери уланып жаткан согуш учурунда Россиянын тынымсыз бомбалоосуна дуушар болду.

Терехов ишемби күнү эрте менен Телеграмдан жарыялаган билдирүүсүндө: "Харьков жалпы согуш башталгандан бери эң күчтүү чабуулга дуушар болду",- деди.

Түнү менен ондогон жарылуу үнү угулган шаарга орус аскерлеринин ракеталар, учкучсуз учактар ​​жана башкарылган аба бомбалары менен бир убакта кол салганы маалымдалды.

Мэр Терехов белгилегендей, көп кабаттуу үйлөр менен жеке турак жайларга, билим берүү жана инфраструктуралык объектилерге чабуул жасалган.

Жергиликтүү жетекчилер жана Reuters тарабынан жарыяланган сүрөттөрдө өрттөнгөн, жарым-жартылай талкаланган үйлөр жана унаалар, жарадарлардын куткарылып, коопсуз жерге жеткирилиши жана урандыларды тазалоо иштери чагылдырылган.

Харьков губернатору Олег Синегубов шаардагы жарандык өнөр жай объектисине 40 учкучсуз учак, бир ракета жана төрт бомба менен кол салуу болгонун, мекеменин өрттөнгөндүгүн айтты. Синегубов ошондой эле урандылардын астында азыр да адамдардын болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Украин армиясы Россиянын түн ичинде Украинага 206 учкучсуз учак, 2 баллистикалык ракета жана 7 түрдүү ракета учурганын билдирди.

Украин армиясы өзгөчө абадан коргонуу бөлүктөрүнүн 87 дронду атып түшүргөнүн, башка 80 дрондун электрондук согуш тактикасы менен башка жакка бурулганын же бул 80 дрондун согуштук дүрмөтсүз симулятор болгонун билдирди.

Аскердик жетекчилер 10 аймакка да сокку урулганын билдиришти.

Украина Москва аймагын бутага алды

Бир тараптан Украина бейшемби күнү кечинде жана жума күнү Москва облусун дрондор менен бутага алды. Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев эки адамдын жаракат алганын билдирди.

Воробьев: “Түнү менен жана мурунку күнү аймактын асманынан тогуз дрон атылп түшүрүлдү”,- деди.

Дагы бир кабарда, Россиянын авиациялык көзөмөл органы Москва облусундагы Домодедово, Шереметьево жана Жуковский аэропортторунун учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында убактылуу ишин токтоткону билдирилди.

Кийинчерээк аба каттамдарынын кайрадан башталгандыгы жарыяланды.

Россиянын Коргоо министрлиги ишемби күнү эрте менен берген билдирүүсүндө түн жарымынан тарта абадан коргонуу бөлүктөрүнүн Москва аймагы менен бирге Россиянын аймагында Украинанын 36 учкучсуз учуучу аппаратын тосуп, жок кылганын билдирди.

Иликте
Аракчи: Израилдин Тегерандагы күйүүчү май кампаларына карай чабуулу "эл аралык укукту бузду"
Израилдин Газага абадан сокку уруусунан төрт адам каза болду
Ирандын Революция cакчылары АКШнын үч базасына сокку урганын жарыялап, Нетаньяхуну коркутту
Орусиянын Украинанын бир нече жеринде жасаган соккулары алты адамдын өлүмүнө алып келди
Эрдоган Иран менен Ливандагы мектептерди жана ооруканаларды бутага алган «канкор желени» айыптады
Түркия 2000 чакырым аралыкка уча алган жасалма интеллект менен иштеген камикадзе дронун көрсөттү
Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан алты адам каза болду
Басып алынган Батыш Шериада жөөт отурукташкандар палестиналыктарга кол салышты
Түндүк Корея АКШ-Түштүк Корея машыгууларынын учурунда бир нече баллистикалык ракеталарды учурду
Эфиопияда жер көчкү кырсыгынан кийин үч күндүк аза күтүү жарыяланды
Трамп: АКШ Ирандын Харг аралын бомбалады
Президент Эрдоган: «Түркияны согушка тартууну көздөгөн чагымчылыктарга каршы сергек болушубуз керек»
БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгы: Согушка карабастан Ирандан чоң көч жок
Baykar менен Leonardo  Европада өндүрүлө турган дрондор үчүн кызматташтыкты кеңейтет
Тышкы иштер министри Фидан катарлык жана азербайжандык кесиптештери менен сүйлөштү