Ирандын жогорку мартабалуу дипломаты: АКШ кол сала турган болсо колубуздагылар менен жооп кайтарабыз

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШга карата эскертүүсүндө Wall Street Journal гезитине: "Күчтүү куралдуу күчтөрүбүз кайрадан кол салууга учурай турган болсок колубуздагы бардык мүмкүнчүлүктөр менен жооп кайтаруудан тартынбайбыз",- деди.

By
АРХИВ: Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Ирандын Тегеран шаарындагы маалымат жыйынында сүйлөп жатат, 2026-жылдын 18-январында, жекшемби күнү. / AP

Ирандын тышкы иштер министри Тегерандын митингчилерге карата катуу кысымынан кийин АКШга ушул кезге чейинки түздөн - түз эскертүү берип : “Кайрадан кол салуу астында кала турган болсок колубуздагы бардык мүмкүнчүлүктөр менен жооп кайтарабыз”,- деди.

Адам өлтүрүүлөрдөн улам Давостогу Дүйнөлүк Эконоимкалык Форум чакыруусу кайра алынган Аббас Аракчинин сөздөрү шаршемби күнү Американын учак конуучу кеме тобу Азиядан Жакынкы Чыгыштын батышына карай жолго чыккан учурда айтылды.

Ошол эле учурда, Американын согуштук учактары жана башка аскердик техникалары Жакынкы Чыгышка багыт алганы байкалууда; бул кыймыл Кариб деңизинде АКШ аскерлеринин ири масштабдуу жайгашуусунан кийин Венесуэланын президенти Николас Мадуронун уурдалышына алып келди деген ырастоолордон кийин болду.

Аракчи бул коркутуусун "The Wall Street Journal" басылмасында жарыяланган макаласында билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри макаласында "катуу толкундоолор этабы 72 сааттан аз убакытка созулганын" айтып, зомбулук боюнча куралдуу митингчилерди күнөөлөдү. Интернеттин үзгүлтүккө учураганына карабастан, Ирандан сыртка чыккан видеолор, коопсуздук күчтөрүнүн куралсыз митингчилерге кайра-кайра ок атканын көрсөтүүдө; Аракчи бул маселеге токтолгон жок.

Аракчи 2025 - жылдын июнь айында Иран көрсөткөн сабырдуулукка токтолуп: “2025 - жылдын июнь айында Ирандын сабырдуулугунун терсине күчтүү куралдуу күчтөрүбүздүн башка бир кол салууга дуушар боло турган болсо, колубуздагы бардык мүмүкнчүлүк менен жооп кайтаруудан тартынбайбыз”,- деп жазды. Муну Израилдин июнь айында Иранга карата баштаган 12 күндүк согушуна байланыштуу айткан жана : “Бул коркутуу эмес, ачыкча билдирүүм керек болгон чындык, анткени бир дипломат жана ардагер катары согушту жек көрөм”,- деди.

Ирандын тышкы иштер министри муну да кошумчалады: “Толук масштабдуу кагылышуу катуу болот жана Израиль жана өкүлдөрүнүн Ак үйгө сатууга аракет кылып жаткан ойдон чыгарылган мөөнөттөрдөн да көпкө созулат. Ал сөзсүз түрдө кеңири аймакты камтыйт жана албетте, кеңири аймакты камтып, дүйнө жүзүндөгү карапайым адамдарга таасирин тийгизет".

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү өзгөчө Перс булуңундагы өлкөлөрдүн дипломаттары Трампты кол салбоого көндүрүүгө аракет кылган. Өткөн аптада Иран ыктымалдуу кол салууну күтп аба мейкиндигин жапты.

Акыркы күндөрү Түштүк Кытай деңизинде USS Abraham Lincoln кемеси шейшемби күнү Түштүк Кытай деңизи менен Инд океанын байланыштырган маанилүү суу жолу болгон Малакка кысыгынан өткөнү кемелерди көзөмөлдөө маалыматтары менен көрсөтүлдү.

Атын атабоо шарты менен маалымат берген АКШ деңиз флотунун өкүлү учак конуучу кеменин жана аны коштогон үч эсминецтин батышка баратканын айтты.

Деңиз жана башка коргоо кызматкерлери учак конуучу кеменин сокку уруучу тобунун Жакынкы Чыгышка барганын ачык айтуудан тартынса да Инд океанындагы учурдагы багыты жана жайгашкан жери анын аймакка жылышына бир нече күн калганын көрсөтүүдө.

АКШда жайгашкан Адам укуктары боюнча активисттердин маалымат агенттигинин (HRANA) билдиргенине караганда нааразычылык акцияларынан каза болгондордун саны кеминде 4519га жетти. Агенттик Ирандагы активисттердин тармагына таянып, жылдар бою катталган бардык өлүмдөрдү текшерип, дайыма так маалымат берип келген.

Бул адам өлүмү Иранда акыркы ондогон жылдарда катталган башка бардык нааразычылык акциялары же башаламандыктардагы курмандыктардын санынан ашып, 1979-жылы Ислам Республикасын түзгөн революция маалындагы башаламандыкты эске салууда.

Бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары токтогонуна карабастан, 8-январдан бери өкмөт тарабынан киргизилген интернет чектөөлөрү уланып жаткан өлкөдөн маалыматтардын акырындык менен келиши, каза болгондордун санында бир кыйла өсүү болушу мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Ирандын диний лидери Хаменей ишемби күнү нааразычылык акциясынын «бир нече миң» кишинин өлүмүнө алып келгенин айтып, бул үчүн АКШны күнөөлөгөн. Бул Иран лидеринин курмандыктардын масштабы жөнүндө биринчи көрсөткүчү болду.

Адам укуктары боюнча активисттердин маалымат агенттигинин билдиргенине караганда 26 300дөн ашык адам кармалган. Жетекчилердин билдирүүлөрү кармалгандардын айрымдары Иранда өлүм жазасына тартылышы мүмкүн деген кооптонууну жаратты; Иран дүйнөдө өлүм жазасын эң көп колдонгон өлкөлөрдүн бири. Бул жагдай жана тынчтык митингге чыккандардын өлтүрүлүшү Трамп тарабынан белгиленген эки кызыл сызыкты түзүүдө.