Microsoft 22 жыл иштеген Skype тиркемесин жабат
Колдонуучулар Microsoft Teams кызматына кирип, өз байланыштарын жана чаттарын колдоно алышат.
Microsoft компаниясына таандык белгилүү интернет баарлашуу жана телефон кызматы Skype, 22 жылдык ишмердүүлүгүнөн кийин дүйшөмбү күнү жабылат.
Бул популярдуу баарлашуу тиркемесин инженерлер тобу иштеп чыккан жана Microsoft аны 2011-жылы сатып алган. Быйыл 28-февралда Microsoft Skype кызматын токтотуу чечимин жарыялады.
“2025-жылдын май айынан тарта Skype мындан ары колдонулбайт, – деп билдирилди.
Microsoft колдонуучуларга Skype аккаунттары аркылуу Microsoft Teams Free кызматына кирип, өздөрүнүн баарлашууларын жана байланыштарын сактап калууну сунуштады. Билдирүүдө Teams аркылуу колдонуучулар Skypeта колдонуп келген негизги функцияларга, мисалы жеке чалууларга, топтук чалууларга, билдирүүлөргө жана файл алмашууга мүмкүнчүлүк ала турганы айтылды.
Мындан тышкары, өзүнчө билдирүүдө мындай деп кошумчаланган: “2025-жылдын 5-майынан кийин Skype Dial Pad төлөм жүргүзгөн колдонуучулар үчүн Skype веб-порталы жана Teams аркылуу жеткиликтүү болот”.