ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль Газадагы жеке секторго товарларды киргизүүнүн жеңилдетилерин билдирди
Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине караганда 27 - майдан бери Газадагы жардам борборлорунун жакындарында Израилдин ок атуусу менен жардам үчүн келген кеминде 1516 киши каза болуп, 10 367си жараланды.
Израиль  Газадагы жеке секторго товарларды киргизүүнүн жеңилдетилерин билдирди
/ AP

Израилдин министрлер кабинети жеке сектор аркылуу курчоого алынган Газага товарлардын "акырындык менен жана көзөмөлдөө" менен киришине уруксат берүүчү механизмди бекитти.

Газаны блокадага алган Израилдин аскердик мекемеси COGAT шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө :«Бул механизм Газага кирген жардамдын көлөмүн көбөйтүүнү жана БУУ менен эл аралык уюмдардын жардам чогултуу аракеттерине болгон көз карандылыкты азайтууну көздөйт»,-деп айтылды.

Билдирүүдө жаңы механизмдин алкагында жергиликтүү соодагерлердин чектелген саны бекитилгендиги маалымдалды.

Бул кадам Газанын 2,4 миллион калкын ачарчылыкка түрткөн Израилдин блокадасы учуруна туш келди.

Газадагы Палестина саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылдын октябрынан бери ачкачылыктан жана жетишсиз тамактануудан кеминде 180 киши, анын ичинде 93 бала каза болду.

Палестина өкмөтүнүн Газадагы медиа кеңсеси дүйшөмбү күнү Израилдин 27-июлдан бери 674 жардам ташыган унааны киргизгенин, бул аймактын күнүмдүк 600 жүк ташуучу унаа муктаждыгынын 14 пайызына барабар экенин белгиледи.

Таасирсиз

Саламаттыкты сактоо министрлиги 27-майдан бери Газадагы жардам борборлорунун жакынында Израилдин ок атуусу менен жардам үчүн келген кеминде 1516 кишинин каза болгонун, 10067 кишинин жаралангандыгын жарыялады.

Израиль даярдаган жардам планы натыйжасыз жана ачарчылыктан жапа чеккен адамдар үчүн “өлүм тузагы” катары сынга алынды.

Эл аралык ок атышпоо чакырыгын четке каккан Израиль армиясы 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газага жасаган кол салууларында көбү аялдар жана балдар болгон 61 миңдей палестиналыкты өлтүрдү.

Израилдин аскердик чабуулу аймакты кыйратып, ачарчылыкка алып келди.

Өткөн жылдын ноябрында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алууга ордер чыгарган.

Израиль аймактагы согушу үчүн Эл аралык сотто геноцид иши боюнча жоопко тартылууда.

Иликте
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды