ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Хакан Фидан Израиль өзүнүн бузулган имиджин калыбына келтирүү үчүн жаңы душман издеп жатканын айтты
Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Израиль мамлекетинин Жакынкы Чыгыштагы позициясына баа берди.
Хакан Фидан Израиль өзүнүн бузулган имиджин калыбына келтирүү үчүн жаңы душман издеп жатканын айтты
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан (АРХИВ)

Менчик телеканалдагы маекке катышкан Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилге карата душмандык дүйнө жүзү боюнча, университеттин кампустарынан гезиттерге чейин күчөп баратканын билдирип: "Бардык жерде көз көрүнөө туруксуздукту жаратуучу ролду ойноп жатышат. Мурун мындай туруксуздукту жаратуучу ролду бир-эки жөнөкөй медиа кадамдары менен жашырышчу. Ал эми азыр муну жашыра алышпайт", — деди.

Тель-Авив администрациясы өзүнүн зыян тарткан имиджин өзгөртүү максатында жаңы душман издөө аракетинде экенин билдирген Фидан: "Израиль же башка бир актер биздин улуттук, аймактык кызыкчылыктарыбызга каршы келген учурда, биздин кимдир бирөөдөн коркуп, кооптонуп же артка кадам таштай турган ниетибиз жок. Биз үчүн эч кандай маселе жок. Көйгөй эмнеде? Көйгөй — Израиль бир гана менин эмес, бүткүл дүйнөнүн көйгөйү болуп жаткандыгында", — деди.

Хакан Фидан Израилдин бир гана Түркия үчүн эмес, бүткүл эл аралык коомчулук үчүн жалпы көйгөйгө айланганын баса белгилеп : "Бул адамдар адамзат көтөрө албай турган жүккө айланды. Адамзаттын абийири муну көтөрө албайт, саясий системалар, экономикалык системалар көтөрө албайт. Кайсы системадан карабайлы, бул адамдарды актай турган бир дагы параметр жок. Ошондуктан бизден сурашканда, эл аралык коомчулукка дайыма: 'Эмне үчүн муну менин гана көйгөйүм кылып жатасыздар?' деп айтабыз. Мен буга каршы чыгып, үнүн катуу чыгара алган жалгыз өлкө болушум мүмкүн, бирок бул маселе — баарыңыздардын көйгөйүңүздөр. Эгерде баарыңыздардын көйгөйүңүздөрдү сиздердин араңыздарда мен жалгыз чечишимди кааласаңыздар, анда ар бир тарап келип, жоопкерчиликти алып, дипломатиялык позициясын көрсөтөт жана ал адамдарга карата зарыл болгон санкцияларды киргизет".

Бул алкакта Түркиянын Израиль менен болгон болжол менен 10 миллиард долларлык соода жүгүртүү көлөмүн токтотуу чечимин кабыл алганын эске салган Фидан, бул кадам Израилдин экономикасын түз эле кыйратууну эмес, күчтүү саясий билдирүү берүүнү максат кыларын баса белгиледи

Министр Фидан Европа өлкөлөрү тарыхта биринчи жолу Израилге курал-жарак сатууга чектөө киргизгенине көңүл буруп:

"Бул биринчи жолу болуп жатат. Холокосттон улам Израиль Европанын абийиринде жүк сыяктуу эле жана Израиль муну толук пайдаланды. Мурда Израилге карата чексиз толеранттуулук болгон. Эми биз толеранттуулуктун бүткөнүн көрүп жатабыз. Израилдеги радикал саясатчылар, айрыкча Батыш Шериадагы саясатка катышкандар, азыр саякаттоого тыюу салууга жана камакка алууга ордерлерге туш болууда. Эл аралык кылмыш соту Нетаньяху жана өнөктөштөрүн камакка алууга ордер берди, демек, адамзат жана эл аралык коомчулук колунан келгендин баарын жасап жатат".

Европа Биримдигинин (ЕБ) ичинде Израилге карата катуу позицияны кабыл алуу боюнча кызуу талкууларга токтолгон Хакан Фидан: "Мен алар үчүн мындан ары иштер мынчалык оңой болот деп ойлобойм. Алар мындан ары мынчалык оңой алдыга жыла турган абалда эмес. Алар өз жолунун аягына жетишти. Израиль өзүнө өзү ок атты. Муну баарыбыз айтып жатабыз. Ал эми Нетаньяху өз коомуна эң чоң зыян келтирди", - деди.

Иликте
ИКУ Түркия, Сауд Арабия жана Пакистандын "тарыхый" коргонуу келишимин ыраазычылык менен кабыл алды
Тышкы иштер министрлиги ASEANды 59 жылдыгы менен куттуктады
Түркия: Сауд Арабиясы жана Пакистан менен коргонуу келишими "белгилүү бир өлкөгө каршы эмес"
Премьер-министри Шариф Мекке коргоонуу келишимине кол коюлушунан улам сыймыктанганын билдирди
Орус кол салууларында  Киевге жакын жерде үч киши каза болду
Украинанын Президенти Зеленский Сербияга расмий сапар менен барды
Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистандан Мекке коргонуу келишими
Кыргызстанда Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү
Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистан үч тараптуу коргоо келишимине кол коюшат
Эрдоган Сауд Арабиясына барып, Салман жана Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт
Трамп АКШнын ок-дары тартыштыгы тууралуу кабарларды четке какты
WWF: Бул жылы жай айында чыккан токой өрттөрүндө 70 миң гектардык аянт күлгө айланды
Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 382ге жетти
Украинанын тышкы иштер министри Сибига тынчтыкка жетүү үчүн лидерлер жолугушушу керектигин айтты
Тарыхый Кадыкалеси ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди