Аш-Шара: " Сирия Израилдин 1974-жылдагы чек арасына чегинүүсүн караган коопсуздук келишимин каалайт"
Сириянын президенти Ахмед алш -Шараа Израиль менен коопсуздук келишимин түзүү менен 1974-жылдагы бөлүнүү сызыктарын кайра калыбына келтирүүгө жана чыңалууну азайтууга чакырды.
Ахмед ал-Шараа жума күнү жасаган билдирүүсүндө, Дамаск этап-этабы менен ишке ашуучу пландын алкагында Израилдин 1974-жылдагы бөлүнүү сызыктарына кайтып келүүнү кепилдеген жаңы коопсуздук келишимин түзүүнү каалап жатканын айтты.
Түркияда өткөрүлүп жаткан Анталья дипломатия форумундагы панелде сөз сүйлөгөн аш - Шараа 1974-жылдагы келишимдин жарым кылымдан ашык мөөнөткө созулганын, бирок кийинчерээк, өзгөчө 2024-жылдын декабрында Башар Асад режими кулагандан кийин, Израилдин эреже бузуулары менен алсыраганын айтты.
“Биз азыр сүйлөшүүлөрдүн алгачкы этабына кирип жатабыз. Бул этап — Израилдин 1974-жылдагы чек араларга чегинүүсүн кепилдеген жана тараптардын коопсуздугун камсыздай турган жаңы эрежелерди иштеп чыгуу. Бул колдонуудагы келишимге берилгендик көрсөтүү же аны эки тараптын тең коопсуздугун камсыз кыла тургандай кылып оңдоо аркылуу ишке ашат», — деди аш-Шараа.
Эгер бул процесс ийгиликтүү болсо, ал оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүнүн статусун чечүүгө багытталган узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөргө жол ачарын кошумчалаган аш - Шараа: «Эгер бул максатка жетсек, андан кийин оккупацияланган Голан маселесин чечүү үчүн узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөргө кирише алабыз», — деп билдирди.
Сириянын президенти ошондой эле аймактагы Израилдин эгемендүүлүгүн таанууну четке какты: "Израилдин оккупацияланган Сириянын Голан тоолоруна болгон дооматын таануу жараксыз. Бул укук эч бир өкмөткө эмес, Сирия элине таандык", - деди.
2024-жылдын 8-декабрында Башар Асад режими кулагандан кийин, Израиль 1974-жылдагы бөлүнүү келишимин жараксыз деп жарыялап, чек арадагы буфердик зонаны басып ала баштаган.
Сириянын жаңы жетекчилиги Израилге карата эч кандай коркунуч келтирбегенине карабастан, Башар Асад бийликтен кулатылгандан бери Израилдин куралдуу күчтөрү Сирияда абадан соккуларын улантууда. Бул чабуулдардын натыйжасында жарандар каза болуп, аскердик объектилер, техникалар жана ок-дары сакталган жайлар бутага алынды.
Ж