ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Аш-Шараа:"Сирия Израилдин 1974-жылдагы чек арасына чегинүүсүн караган коопсуздук келишимин каалайт"
Сириянын президенти Ахмед аш - Шараа Израиль менен коопсуздук келишимин түзүү менен 1974-жылдагы бөлүнүү сызыктарын кайра калыбына келтирүүгө жана чыңалууну азайтууга чакырды.
Аш-Шараа:"Сирия Израилдин 1974-жылдагы чек арасына чегинүүсүн караган коопсуздук келишимин каалайт"
Сириянын Президенти Ахмед ал-Шараа Анталиядагы Дипломатия Форумунун сессиясында сөз сүйлөп жатат. / AA

Ахмед аш-Шараа жума күнү жасаган билдирүүсүндө, Дамаск этап-этабы менен ишке ашуучу пландын алкагында Израилдин 1974-жылдагы бөлүнүү сызыктарына кайтып келүүнү кепилдеген жаңы коопсуздук келишимин түзүүнү каалап жатканын айтты.

Түркияда өткөрүлүп жаткан Анталья дипломатия форумундагы панелде сөз сүйлөгөн аш - Шараа 1974-жылдагы келишимдин жарым кылымдан ашык мөөнөткө созулганын, бирок кийинчерээк, өзгөчө 2024-жылдын декабрында Башар Асад режими кулагандан кийин, Израилдин эреже бузуулары менен алсыраганын айтты.

“Биз азыр сүйлөшүүлөрдүн алгачкы этабына кирип жатабыз. Бул этап — Израилдин 1974-жылдагы чек араларга чегинүүсүн кепилдеген жана тараптардын коопсуздугун камсыздай турган жаңы эрежелерди иштеп чыгуу. Бул колдонуудагы келишимге берилгендик көрсөтүү же аны эки тараптын тең коопсуздугун камсыз кыла тургандай кылып оңдоо аркылуу ишке ашат», — деди аш-Шараа.

Эгер бул процесс ийгиликтүү болсо, ал оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүнүн статусун чечүүгө багытталган узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөргө жол ачарын кошумчалаган аш - Шараа: «Эгер бул максатка жетсек, андан кийин оккупацияланган Голан маселесин чечүү үчүн узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөргө кирише алабыз», — деп билдирди.

Сириянын президенти ошондой эле аймактагы Израилдин эгемендүүлүгүн таанууну четке какты: "Израилдин оккупацияланган Сириянын Голан тоолоруна болгон дооматын таануу жараксыз. Бул укук эч бир өкмөткө эмес, Сирия элине таандык", - деди.

2024-жылдын 8-декабрында Башар Асад режими кулагандан кийин, Израиль 1974-жылдагы бөлүнүү келишимин жараксыз деп жарыялап, чек арадагы буфердик зонаны басып ала баштаган.

Сириянын жаңы жетекчилиги Израилге карата эч кандай коркунуч келтирбегенине карабастан, Башар Асад бийликтен кулатылгандан бери Израилдин куралдуу күчтөрү Сирияда абадан соккуларын улантууда. Бул чабуулдардын натыйжасында жарандар каза болуп, аскердик объектилер, техникалар жана ок-дары сакталган жайлар бутага алынды.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти