ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Трамптын Газадагы жаңы "тынчтык" планы араб жана мусулман лидерлерине cунушталды
Америкалык дипломат Стив Виткофф араб жана мусулман лидерлерине Газа боюнча 21 пункттан турган пландын сунушталганын билдирди.
Трамптын Газадагы жаңы "тынчтык" планы араб жана мусулман лидерлерине cунушталды
АКШнын президенти Дональд Трамп менен БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Виткофф жолугушту / Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Виткофф Трамптын ушул аптада араб жана мусулман лидерлери менен болгон жолугушуусунда Газадагы согушту токтотуу боюнча план сунуштаганын билдирди. Ошол эле учурда Газанын жарандык коргонуу агенттиги Израилдин чабуулдарынан ондогон адам каза болгонун билдирди.

Айларга созулган ортомчулук иштерине катышкан Стив Уиткофф Трамп шейшемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өткөн жолугушууда "Жакынкы Чыгыш жана Газадагы тынчтык үчүн 21 пункттан турган пла” сунуштаганын айтты.

Уиткофф : “Алдыдагы күндөрдө алдыга жылуунун болгонун жарыялайбыз деген үмүттөбүз. Ал түгүл өзүбүзгө ишенебиз деп айта аламын”,- деди.

Уиткофф Израилдин тынчсыздануулар сыяктуу эле аймактагы бардык коңшулардын тынчсызданууларын да эске аганын билдирди бирок кенен маалымат берген жок.

Жолугушууга катышкан өкмөттөрдүн биргелешкен билдирүүсүндө : "Лидерлер президент Трамп менен кызматташууга болгон милдеттенмелерин кайталап, согушту токтотуу үчүн анын лидерлигинин маанисин баса белгилешти”,- деп айтылды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Австралия, Британия, Канада жана Франция сыяктуу өлкөлөрдүн Палестинаны таануу аракеттерин четке какты.

Нетаньяху : «Кээ бир лидерлердин Палестина терроруна моюн сунуусунун Израилге тиешеси жок, Палестина мамлекети болбойт»,- деди.

Газадагы абал барган сайын начарлап баратат. Газанын жарандык коргонуу агенттиги Израилдин шаршемби күнү жасаган чабуулдарында ондогон адамдын каза болгонун, булардын арасында Газа шаарындагы Фирас базарынын жанындагы кампага баш калкалаган 22 адамдын бар экенин билдирди.

Сүрөттөрдө жергиликтүү тургундардын урандылардын арасынан издөө жүргүзүп жатканы, ал эми аялдардын ак кепиндерге оролгон сөөктөрдүн жанында ыйлап жатканы көрүнүүдө.

Газанын жарандык коргонуу кызматынын маалыматы боюнча, Хан Юнустагы жардам таратуу борборуна жакын жерде дагы сегиз адам каза болгон. Израиль армиясы бул окуя тууралуу маалыматынын жок экенин билдирди.

Израиль армиясы 2023-жылдын октябрынан бери Газада геноцид жүргүзүп, көбү аялдар жана балдардан турган 65 миңден ашуун палестиналыкты өлтүрүп, эл аралык ок атышууну токтотуу талаптарын четке какты.

Бул сандар ураган үйлөрдүн урандыларынын астында калган болжолдуу 11 миң палестиналыкты камтыбайт. Бирок, эксперттер каза болгондордун чыныгы саны Газа жетекчилери билдиргенден көп жана болжол менен 200,000ге жетиши мүмкүн экендигин ортого салышууда.

Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн камакка алуу ордерин чыгарган.

Израиль Газадагы согушуна байланыштуу Эл аралык сотто геноцид боюнча доо менен бетме-бет келүүдө. БУУ Израиль Газада геноцид жасаган деген жыйынтыкка келди.

Вашингтон өнөктөшү Израилге жыл сайын 3,8 миллиард доллар аскердик жардам берип турат. 2023-жылдын октябрынан бери АКШ Израилге Газадагы геноцид жана коңшу өлкөлөрдөгү согушту колдоо үчүн 22 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн.

АКШнын кээ бир жогорку даражалуу жетекчилери Израилди Газадагы жарандардын лүмү менен сындаса, Вашингтон ушул убакка чейин курал-жарак берүүгө кандайдыр бир шарт коюу чакырыктарына каршылык көрсөтүүдө.

Америкалык Council on Foreign Relations аналитикалык борборунун маалыматы боюнча, АКШ 1946-жылдан бери Израилге инфляцияны эске алуу менен 310 миллиард доллардан ашык аскердик жана экономикалык жардам көрсөткөн.

Иликте
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"