Лувр музейине кирген уурулар «баа жеткис» асыл таштарды уурдап кетишти
Париждеги Лувр музейинен баа жеткис асыл таштарды уурдап мотоцикль менен качып кеткен ууруларды кармоо үчүн жооптуу кызматкерлер иликтөө иштерин баштады.
Париждеги Лувр музейине уурулар терезе аркылуу кирип, «баа жеткис мурастык» зер буюмдарды уурдап, андан кийин мотоциклдер менен качып кетишкенин Франциянын ички иштер министрлиги жекшемби күнү билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө:«Тергөө башталды жана уурдалган буюмдардын так тизмеси түзүлүүдө. Бул буюмдардын базар баасынан тышкары, алардын мурастык жана тарыхый баалуулугу баа жеткис», – деп айтылды.
Окуя болгон учурда коомчулуктун арасынан, Луврдын кызматкерлеринен жана укук коргоо органдарынан эч ким жабыркабаганы билдирилди.
Музей X социалдык тармагында «өзгөчө себептерден улам» бир күнгө жабык болорун билдирди.