Археологдор Түркиянын чыгышындагы Ван шаарында Иремир дөбөсүндө эрте коло дооруна таандык 5000 жылдык көмүргө айланган арпа дандарын табышты.
Жүзүнчү Жыл Университетинин (YYÜ) Адабият Факультетинин Археология бөлүмүнүн окутуучусу жана казуу иштерин жетектеген проф. Др. Ханифи Бибер: "Табылгалар айыл чарба жагынан маанилүү борбор болгонун көрсөтүүдө", - деп билдирди.
Изилдөө учурунда меши бар ашкана бөлүгү, чопо идиштер, үстүнкү жана астыңкы жаргылчак таштар, майда жандыктардын сөөктөрү, ошондой эле сынган кумуранын ичинде жана айланасында арпа дандары табылган.
Бибер изилдөөчүлөр сегиз башка катмарды аныктаган дөбөдө аймактагы эң байыркы конуш жайгашканын айтты. Негизги катмарлар Эрте коло доорунда Чыгыш Анадолу жана Түштүк Кавказга тараган Караза маданиятына (Эрте Транскавказ) таандык экенин кошумчалаган профессор: "Быйылкы изилдөөлөрүбүздө 2023-жылы ачкан кампанын айланасын тазалоо учурунда кампанын түндүк дубалына жанаша меш жана чопо идиштерди таптык. Бул өз ордунда сакталып калгандыктан, биз үчүн абдан маанилүү", - деп билдирди.
Изилдөөчүлөр ошол эле аймактан, кеч калколиттик доорго таандык чопо идиштердин сыныктарын да табышкан.
Бибердин айтымында, дөбөгө жакын башка аймакта кампа деп эсептелген курулуштун калдыктары табылган. Ошондой эле, кампанын айланасынан астыңкы жана үстүнкү жаргылчак таштар, обсидиан кескич жана тешкич аспаптар, сөөк аспаптар табылган.
Бибер: "Биз алган жыйынтыктар, жалпысынан Ван көлүнүн айланасынын, өзгөчө Гүрпынар түздүгүнүн тарыхынын түпкүрүнө жарык чача турган маалыматтарды бергендиктен, абдан маанилүү", - деп билдирди.
Университеттин дагы бир археологу Хакан Йылмаз казуу учурунда табылган жаныбарлардын сөөктөрү Урартуга чейинки дыйканчылык жана мал чарбачылыгы жөнүндө маанилүү маалыматтарды бергенин билдирди.
Йылмаз кеңири масштабдуу мал чарбачылыгынан тышкары, бодо малдын издери, ошондой эле жапайы эчкилердин, кызыл бугулардын жана аюулардын калдыктары бар экенин белгилеп: "Биз ар бир катмардан табылган чопо идиштерди, майдалоочу таштарды жана арпаны изилдеп жатабыз. Бул чопо идиштердин тыгыздыгын катмарларды терең изилдөө менен аныктайбыз. Аймакта көбүнчө Урарту чептеринде жана некрополдорунда казуу иштери жүргүзүлөт, бирок бул географиядагы эң алгачкы конуштун казуусу бул жерде жүргүзүлүүдө", - деди.











