САЯСАТ
2 мүнөт окуу
БУУ өзүн Трамптын Газа боюнча тынчтык планын даярдаган тарап катары эсептебейт
БУУнун Женевадагы кеңсесинин коммуникациялар боюнча директору:"Биз бардык ортомчулук аракеттерди кубаттайбыз жана, албетте, колубуздан келгендин баарын жасап, тынчтык планын колдоого даярбыз", - деди.
БУУ өзүн Трамптын Газа боюнча тынчтык планын даярдаган тарап катары эсептебейт
Израилдин аскерий чабуулунан улам жер которгон палестиндер Газанын түндүгүнөн качып кетүүдө. / Reuters

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан Газада ок атышпоого жетишүү үчүн сунушталган тынчтык планынын бир бөлүгү эмес экенин, бирок бардык тынчтык демилгелерин колдоого даяр экенин баса белгиледи.

Шейшемби күнү БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинде (OCHA) өткөрүлгөн жумалык маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Йенс Лаерке: «Бул сунуштун даярдалышына БУУнун тиешеси жок»,-деди.

«Бул пландын мазмуну тууралуу так эмне деп айта аларымды билбейм, бирок Бириккен Улуттар Уюму жана гуманитардык уюмдар биринчи күндөн бери Газага жардам жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр жана жөндөмдүү экенин айта алам»,-деген Лаерке жардамдын дароо жөнөтүлүүгө даяр экенин айтты.

Лаерке ошондой эле: "Жөнөтүлүүгө даяр болгон жардамдын көлөмүнө байланыштуу, менимче, көптөгөн агенттиктер жардамдын узак убакыттан бери жөнөтүүгө даяр жана жеткиликтүү болгонун билдирди деп ойлойм. Биз жардамдын аймактагы кампаларда бар экенин жана донорлор тарабынан каржыланганын бир нече жолу билдирдик; бул донорлор бизден жардамды муктаж болгондорго жеткирүүбүздү күтүшөт»,-деп айтты.

БУУнун Женевадагы кеңсесинин коммуникациялар боюнча директору Алессандра Веллуччи уюм жаңжалга катышкан тараптар менен байланышта экенин билдирди.

Веллуччи: "Албетте, биз тынчтык аракеттерине катышкан ар кандай тараптар менен байланышты улантуудабыз. Чынында эле, биз бардык ортомчулук аракеттерди кубаттайбыз жана, албетте, биз гуманитардык жардам көрсөтүүнү кошкондо, колубуздан келген бардык нерсе менен тынчтык планын колдоого даярбыз ", - деди.

Трамп дүйшөмбү күнү Вашингтондо геноцидчи Биньямин Нетаньяху менен өткөргөн маалымат жыйынында Газа тилкесинде ок атышпоо планын айтты.

20 пункттан турган планда бир катар палестиналык туткундарды бошотуу, анын ордуна бардык израилдик туткундарды бошотуу, палестиналык каршылык көрсөтүүчү Хамас тобун куралсыздандыруу, аймакты убактылуу башкаруу үчүн технократтык, саясаттан тышкаркы Палестин комитетин түзүү жана башка жоболор камтылган.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди