ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Фидан БУУну Газада ок атышууну токтотуу жана жардамга жетүүгө шарт түзүүгө чакырды
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Газанын "концлагерге" айланганын БУУга билдирип, дароо ок атышпоонун жарыяланышы, Палестинанын БУУга толук мүчөлүгү жана шашылыш гуманитардык жардамге жетүү үчүн шарт түзүүгө чакырды.
Фидан БУУну Газада ок атышууну токтотуу жана жардамга жетүүгө шарт түзүүгө чакырды
/ AA

Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде сөз сүйлөп, Израилдин Газа секторундагы геноцидин катуу сынга алды. Фидан кагылышуунун аймакты "концлагерге" айландырганын айтып, Израилди жарандарды системалуу түрдө бутага алуу менен айыптады.

«Бүгүн бул жерде чогулуп жаткан учурда Израилдин Палестина калкына каршы жүргүзгөн геноцид согушу болгон ылдамдыгы менен улантылууда. Газа тилкесинде 2 миллиондон ашуун киши кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатат»,- деди Фидан.

Фидан массалык түрдө жер которуу, кыйратуу жана гуманитардык жардамдардын атайылап токсоолдукка учуратылгандыгына көңүлдөрдү буруп сөзүн төмөнкүчө улантты : «Жардам бөлүштүрүүчү жайларда тамак-аш жана сууга жетүүгө аракет кылган жарандар ылгабай өлтүрүлүүдө, ачарчылык согуш куралы катары колдонулууда».

‘Жек көрүү менен азыктанган машина’

Фидан Израилди эл аралык гуманитардык укуктун негизги принциптерин бузуу менен айыптап : «Үй  - бүлөңүзгө суу алып келүүгө аракет кылган бала болсун, балдарыңыз үчүн тамак  - аш издеген эне болсун, айырмасы жок. Израилдин согуш машинасынын бутасы болуудасыз».

Фидан Газадагы гуманитардык кризистин глобалдык адеп-ахлактык чечкиндүүлүктүн сыноосу болгонун баса белгилеп: «Кээ бирлери көрмөксөнгө салууну тандап жатат, бул ушул бойдон уланбайт»,-деди.

Министр жардамдардын калыс жана ар-намыстуу жеткирилишин Бириккен Улуттар Уюму гана камсыз кыла аларын белгилеп :«Гуманитардык жардамдын негизги принциптери – гумандуулук, тарапсыздык, басмырлоо болбостон жана көз карандысыздык – сакталышы керек», - деди.

Чоң кагылышуунун чыгуу коркунучу

Фидан Израилдин аскердик кампаниясы аймакта чоң кагылышуунун чыгуу коркунучун жаратып жатканы тууралуу эскертип: "Израиль агрессия стратегиясын Палестинада гана эмес, Ливан, Сирия жана Иранда да ишке ашырууга аракет кылууда", - деп билдирди. Ошондой эле, Израилдин агрессиясы Сирия эли чоң кыйынчылыктар менен жетишкен өтө назик тынчтыгын коркунучка учуратарын белгиледи.

Эл аралык коомчулукту мындан ары чыңалууну алдын алууга жана Сириянын кайрадан башаламандыкка түшүшүнө жол бербөөгө чакырган Фидан Түркиянын Палестина мамлекетинин эл аралык толук түрдө таанылышын жана Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүгүн колдой турганын кайталап :"Бул Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтык үчүн маанилүү", - деди ал.

Фидан сөзүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин катуу сынга алуу менен аяктады: "Бир чындык бар абдан ачык: Коопсуздук Кеңеши Газа элин гана эмес, адамдык ар-намысын да кыйратты. Газадагы кризис гуманитардык өзгөчө кырдаалдан эбак өттү. Бул жамааттык адамзаттын пайдубалын терең солкулдаткан сыноо."

"Эмне кылуу керектиги түшүнүктүү: Израилдин согуштук машинасын токтоткула. Жазасыздыкты токтоткула. Дароо жана туруктуу ок атышпоо, азыр. Тоскоолдуксуз гуманитардык жардам, азыр. Эки мамлекеттүү чечимге жаңыланган жана шашылыш милдеттенме, азыр."

Иликте
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"