ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган: Түркия жогорку деңгээлдеги Украина-Орусия сүйлөшүүлөрүн жеңилдетүүгө даяр
Эрдоган Түркиянын Украинадагы согуштун туруктуу тынчтык менен бүтүшүнө карата аракеттерин улантып жатканын баса белгиледи.
Эрдоган: Түркия жогорку деңгээлдеги Украина-Орусия сүйлөшүүлөрүн жеңилдетүүгө даяр
Эрдоган Зеленский / AA Archive

Түркия менен Украинанын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүп, эки тараптуу карым-катнаштарды, Украина-Орусия тынчтык процессин, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган украиналык кесиптеши Владимир Зеленскийге Аляска жана Вашингтондогу жолугушууларга жакындан байкоо салып жатышканын айтты. Бул маалыматты Түркиянын Коммуникация башкармалыгы бейшемби күнү түрк социалдык медиа платформасы NSosyal аркылуу бөлүштү.

Сүйлөшүү Орусиянын Киевге чабуулунан бир нече саат өткөндөн кийин болду. Кол салууда кеминде 14 жайкын тургун, анын ичинде балдар каза болуп, турак жайлар жана башка жарандык инфраструктуралар жабыркады. Бул окуя Европа Биримдигинин лидерлери жана Батыш союздаштары тарабынан катуу сынга алынды.

Эрдоган: “Түркия согушту туруктуу тынчтык менен бүтүрүү аракетин улантууда”,-деди.

Ошондой эле “Украина-Орусия согушуна адилеттүү чечим табуу мүмкүн экенин, эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү бекемдөө зарылдыгын” айтты жана тынчтыкка жол ача турган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүү үчүн Түркиянын колунан келгендин баарын кылууга даяр экенин билдирди.

Эрдоган тынчтык орногондон кийин Түркиянын Украинанын коопсуздугуна салым кошууну уланта турганын да баса белгиледи.

Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, сүйлөшүү учурунда Эрдоган Украинаны Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Иликте
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды