Армения менен Азербайжан Ак үйдө тарыхый тынчтык "жол картасына" кол койду

Президент Дональд Трамп АКШнын Армения менен тарыхый тынчтык "жол картасынын" алкагында Азербайжан менен коргонуу кызматташтыгына чектөөлөрдү жойгонун билдирди.

/ AP

АКШнын президенти Дональд Трамп ондогон жылдан бери кагылышып келе жаткан Түштүк Каваказия өлкөлөрү Армения менен Азербайжандын лидерлерин Ак үйдөгү саммитте кабыл алып, эки өлкөнүн туруктуу тынчтыкка умтуларын билдирди.

Трамп жума күнү берген маалыматында : “Армения менен Азербайжан бардык кагылышууларды түбөлүккө токтотууну, соода, саякат жана дипломатиялык карым - катнаштарды ачууну жана бири биринин эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүгө убада беришти”,- деп билдирди.

АКШнын президенти өзгөчө Азербайжан менен аскердик кызматташуу боюнча чектөөлөрдү жойгонун да билдирди.