ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Пакистандын Карачи шаарында газ жарылып турак жай урады
Пакистандын эң ири шаарында болгон жарылуудан араларында балдар менен аялдар да болгон 16 адам каза болду. Куткаруучу топтор урандылардын астынан аман калгандарды издөө иштерин улантууда
Пакистандын Карачи шаарында газ жарылып турак жай урады
Пакистандын Карачи шаарындагы көп кабаттуу үйдө болгон газ жарылуусунан кийин куткаруучулар урандылардын арасынан сөөктү алып чыгышты. 2026-жылдын 19-февралы, бейшемби. / AP

Бейшемби күнү Пакистандын эң ири порттук шаары Карачидеги турак жайлардын биринде газ жарылып, араларында балдар менен аялдар болгон кеминде 16 адам каза болду жана бир нече киши да жаракат алды.

Жергиликтүү полиция кызматынын башчысы Ризван Пателдин билдиргенине караганда, жарылуу Синд провинциясынын борбору Карачи шаарынын калктуу конушунда болгон.

Окуя таңкы саат 04:00 чамасында, Soldier Bazaar районунда орун алган. Бул убакта мусулман үй-бүлөлөр Рамазан айындагы ооз бекитүүгө (сахур) даярдык көрө башташкан. Жарылуунун кесепетинен ондон ашык адам ар кандай жаракаттарды алды.

Пател куткаруучу топтордун урандылардын астында калгандарды издөө иштерин улантып жатканын кошумчалады.

Учурда издөө-куткаруу операциясы жүрүп жатат, бирок башка кошумча маалыматтар бериле элек.

Карачидеги жана Пакистандын башка аймактарындагы үйлөрдүн көбүндө тамак бышыруу үчүн жаратылыш газы колдонулат.

Бирок газдын басымы төмөн болгондуктан, көптөгөн тургундар суюлтулган газ баллондорун колдонууга аргасыз болушууда.

Июль айында Пакистандын борбор шаары Исламабадда үйлөнүү тоюнан кийин газ жарылып, жаңы үйлөнгөн жубайлар менен бирге сегиз адам каза болгон.

Жетекчилер жарылуунун коноктор жубайларды куттуктоо үчүн чогулуп жаткан учурда болгон.

Иликте
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту