Даниянын борбору Копенгагендеги аэропортко кайрадан бомба коюлганы тууралуу коркутуу түшүп, полиция кеңири текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Копенгаген полициясынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнө караганда, кечээки коркутуулардан кийин бүгүн да аэропорттун ишине таасир этиши мүмкүн болгон жаңы билдирүү келип түшкөн.
Полиция аэропортто кеңири текшерүү иштери жүрүп жатканын, жүргүнчүлөргө эч кандай коркунуч жок экенин билдирди. Окуянын чоо-жайы кийинчерээк жарыяланары белгиленди.
СУНУШТАЛАТ
Ошондой эле кечээ келген бомба коркунучу тууралуу билдирүүлөрдүн негизсиз экени маалымдалды.
Финляндиянын Finnair авиакомпаниясы да өзүнчө билдирүү таратып, кечээ эки каттамга бомба коюлганы тууралуу коркутуу түшкөнүн, ал эми бүгүн жаңы коркутуулар катталбаганын билдирди.




















