Сириянын кургактык жана деңиз портторунун башкы башкармалыгынын коомчулук менен байланыш боюнча директору Мазен Аллуш Түркия менен Сириянын ортосундагы чек ара өткөрмө пункттарындагы координация жана интеграциянын тездик менен жүрүп жатканын жана транзиттик ташуу келишиминин ушул айда толугу менен күчүнө кирерин билдирди.
Аллуш шейшемби күнү Анадолу агенттигине берген маегинде: "Биз түрк расмий өкүлдөрү менен дээрлик жума сайын жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Көйгөй жаралганда, байланышып, аны колубуздагы мүмкүнчүлүктөр менен чечип жатабыз", - деди.
Анкаранын Дамаскка "боштондукка чыккандан бери" көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген Аллуш соода, транспорт жана чек араны башкаруу тармагындагы кызматташтык жана координациянын уланып жатканын белгиледи.
Аллуш август айында Стамбулда кол коюлган транзиттик ташуу келишиминин алкагында ишке ашыруунун башталганын жана жүк ташуу үчүн которуу системасы ноябрда аяктай турганын белгиледи.
Сириялык расмий өкүл сириялык айдоочулардын визалары Халептеги Түркиянын консулдугу тарабынан 10 күндүн ичинде берилерин айтып, түрк айдоочулары визаларын түздөн-түз чек ара өткөрмө пунктунан ала аларын кошумчалады.
Ал түрк бийлиги кош жарандыгы бар сириялыктардын Түркияга Сириянын номерлери бар унаалар менен кирүүсүнө уруксат берүү боюнча алдын ала чечим кабыл алганын жана бул ишке ашыруунун жакында башталаарын билдирди.
Сириялык расмий өкүл алдыдагы мезгилде Сириянын транспорттук паркы өнүктүрүлөрүн баса белгилеп, максат сириялык айдоочулардын Түркия аркылуу кайрадан Россияга, Грузияга, Украинага, Европага жана Перс булуңу өлкөлөрүнө баруусуна мүмкүнчүлүк берүү экенин кошумчалады.
Аллуш ошондой эле түрк боордоштордун Сирияга бардык мүмкүн болгон колдоону көрсөтүүнү улантып жатканын билдирди.
Акыркы күндөрдө Дамаск эл аралык аэропортунда учактардын түнкүсүн учуп - конушуна мүмкүндүк берген жаңы радар системаларынын орнотулганын белгиледи. Ал гуманитардык жардам ташуучу унаалардын Түркия аркылуу эч кандай көйгөйсүз өтүп жатканын баса белгилеп, Анкаранын бул жагынан олуттуу ыңгайлуулуктарды түзүп бергенин кошумчалады.
Порттордо ушул убакка чейин 110 000 контейнер иштелип чыкты.
Сириянын 2024-жылдын 8-декабрында Баас режиминен кутулушунан бери жүргүзүлгөн иштерге баа берген Аллуш бардык кургактагы чек ара өтмөктөрү жана порттордун кыйраганын билдирди.
Ал Насиб (Иордания) жана жаңы ачылган Тийяс (Ливан) чек ара өткөрмө пункттары, ошондой эле Латакия жана Тартус портторунун кайрадан ачылганын жарыялады.
Аллуш ошондой эле бул өткөрүү пункттарындагы инфраструктура жана электрондук системалардын жаңыртылганын, үч миллион тоннадан ашык күйүүчү майдын импорттолгонун билдирди.
Латакия портуна жалпысынан 333 кеме кирип-чыккан болсо, Тартус портунан 700дөн ашык кеме кирип-чыккан. 8-декабрдан бери порттордо жалпысынан 110 000 контейнер иштетилген.
Сириялык расмий өкүл негизги экспорттун фосфат жана тирүү жаныбарлар болгонун, ал эми башка продукциялардын чектелүү санда жөнөтүлгөнүн белгиледи. Ал бул продукциялардын каржылык отчетто ачыкталаарын жана импортко эч кандай чектөөлөрдүн жок экенин, бардык мыйзамдуу продукцияларды өлкөгө алып кирүүгө болорун кошумчалады.
Аллуш ошондой эле сириялыктардын Түркияга автожол аркылуу өтүү маселесине токтолуп, Түркия убактылуу коргоодогу сириялыктар үчүн барууга уруксат берүүнү убактылуу токтотконун эске салып: "Биз бул боюнча тынымсыз байланыштабыз. Бул гуманитардык маселе. Чечүү аракеттери уланууда", - деди.
Кош жарандуулугу бар сириялыктар үчүн унааларын Сирияга алып келүү боюнча жарым-жартылай чечимдин ишке ашырылганын, жаңы эрежеге ылайык, Түркияда же башка өлкөдө экинчи жарандыгы бар ар бир сириялык паспортун колдонуп, унаасын Сирияга алып келе аларын да белгиледи.
Бир гана шарттын - сириялык жарандыкты далилдөө, ал тургай мөөнөтү бүткөн сириялык паспорт бул процесс үчүн кабыл алынарын билдирди.
Чек араларда унаа киргизүү процедурасынын бир бөлүгү катары мурда алынган $50 коопсуздук депозитинин $15ке чейин төмөндөтүлгөнүн, бул эреженин сириялыктар үчүн чек арадан өтүүнү жеңилдетүүдө маанилүү кадам болгонун кошумчалады.
Аллуш: “Капкаларыбыз элибиз үчүн кеңири ачылган. Мурдагы капкалардын урандыларынын ордуна заманбап эл аралык транзиттик коридорлорду куруп жатабыз. Кийинки жылы Сириянын бардык чек аралары толугу менен жабдылып, экономикалык жактан активдүү болуп, бирдиктүү стандартта иштейт”,- деди.























