ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израилдин ар кайсы жеринде демонстранттар Нетаньяхуга Газадагы согуш боюнча нааразылык билдирди
Израилдин жарандары Беньямин Нетаньяхунун өкмөтүнөн Газадагы согушту токтотууну жана туткунда калгандар үчүн келишим түзүүнү талап кылып, бүткүл өлкө боюнча нааразылык акциясын өткөрүүдө.
Израилдин ар кайсы жеринде демонстранттар Нетаньяхуга Газадагы согуш боюнча нааразылык билдирди
Израилдиктер Биньямин Нетаньяхуга Хамас менен келишим түзүүгө басымды күчөтүү үчүн митинг өткөрүштү. / AP

Израилде жекшемби күнү демонстранттар көчөлөргө чыгып, Газадагы согушту токтотууну жана ХАМАС тарабынан туткунда кармалып турган адамдарды бошотууну талап кылышты. Бул учурда аскерлер жаңы чабуулга даярдык көрүп жатышат.

Протесттер Израилдин коопсуздук кабинети Газа шаарына чабуул жасоо планын бекиткенден бир жума өткөндөн кийин башталды. Бул согуш 22 айга созулуп, Палестина аймагында оор гуманитардык абалды жаратты.

Учурда Газа аймагында 49 туткун бар, алардын ичинен 27си каза болгонун Израилдин аскерлери билдирүүдө.

Тель-Авивдеги «Туткундар аянтында» калган туткундардын сүрөттөрү түшүрүлгөн чоң Израиль желеги жайылды. Бул аянт согуш учурундагы нааразылык акцияларынын негизги борбору болуп келген.

Демонстранттар шаардагы бир нече жолдорду, анын ичинде Тель-Авив менен Батыш Кудсту байланыштырып турган магистралды тосушту. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, жол кыймылын токтотушкан.

Ишканалар жабылды

Нааращылык уюштуруучулары жана туткундардын үй-бүлөлөрүнөн турган негизги кампаниялык топ жекшемби күнү жалпы иш таштоого чакырышты. Израилде жекшемби жумуш аптасынын биринчи күнү болуп саналат.

Батыш Кудста жана Тель-Авивде көптөгөн ишканалар жабылган.

«Менимче, согушту токтотуунун убактысы келди. Бардык туткундарды бошотуунун жана Израилди калыбына келтирип, Жакынкы Чыгышта туруктуулукка жетүүнүн убактысы келди», – деди 54 жаштагы гид Дорон Вилфанд Кулстагы митингде.

«Туткундар жана жоголгон үй-бүлөлөрдүн форуму» аттуу кампаниялык топ билдирүү жасап, демонстранттар «бүгүн (жекшемби) өлкөнү токтотуп, бир гана талап коюшат: 50 туткунду кайтарып, согушту токтоткула» деп билдиришти.

Бул тизмеде 2014-жылдагы согушта каза болгон, бирок сөөгү ХАМАС тарабынан кармалып турган бир аскер да бар.

Форум Газа чек арасына жакын жерде нааразылык чатырын орнотууну пландап, «күрөштү күчөтүп, жакындарыбызды кайтарып алуу үчүн бардык аракеттерди көрөбүз» деп убада берди.

«Эгерде биз аларды азыр кайтарып албасак, аларды түбөлүк жоготобуз», – деп билдиришти.

Иликте
Европанын 9 өлкөсү аэропорттордогу башаламандыктан улам кирүү жана чыгуу системаларын жылдырды
Орусия: "Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасына чабуулдарды уланттык"
Пезешкиан: Иран менен БАЭ мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты
Түркия Сауд Арабиясына жасалган дрондук чабуулдарды катуу айыптады
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Түркия АКШнын Түштүк Кипрге курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими тууралуу билдирүү жарыялады
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Түркия менен Азербайжандын ортосунда 3 ири электр долбоору пландалууда
Россияга карата шектенүү күчөп жатканда Болгариядагы курал заводунда экинчи жардыруу болду
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Айтматовдун айылында маданият жана эстелик комплекси ачылды
Сауд Арабиясы Ирактан Чыгыш-Батыш мунай кууруна кол салуу болгонун жарыялады
Казакстан менен Түркия кайра кабыл алуу келишимине кол коюшту
Өзбекстан түрк дүйнөсүнө ылайыктуу алфавитке өтүү боюнча мыйзам кабыл алды
Путин Европа аскерлеринин Украинага жайгаштырылышын "Россия менен согуш" деп мүнөздөдү