ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Норовирус боюнча эскертүү: 1700дөн ашык жүргүнчү карантинге алынды
Франциянын Бордо шаарындагы круиздик кемеде норовирустан улам бир жүргүнчү каза болгондон кийин, 1 700дөн ашуун жүргүнчү карантинге алынды.
Норовирус боюнча эскертүү: 1700дөн ашык жүргүнчү карантинге алынды
Хантавирус катталган MV Hondius круиздик кемеси Тенерифедеги Гранадилья-де-Абона портунан чыгып кетүүдө. / Reuters

Франциянын Бордо портуна токтогон круиздик кемеде норовирус шектенүүсү менен башталган эпидемия 90 жаштагы жүргүнчүнүн каза болушу менен курчуду.

Саламаттыкты сактоо жетекчилери болжол менен 50 жүргүнчүдө жүрөк айлануу, кусуу жана ич өткөк белгилери байкалганын, ал эми кемедеги 1700дөн ашык адамдын карантинге алынганын жарыялашты. Карантин мөөнөтү качан аяктаары тууралуу азырынча расмий билдирүү жок.

Норовирус дүйнө жүзү боюнча круиздик кемелерде ашказан-ичеги ооруларынын эң көп кездешкен себеби болуп саналат. Вирус булганган тамак-аш жана суу, эшиктин туткалары жана тосмолор сыяктуу кол көп тйиген жерлер же түз байланыш аркылуу оңой тарайт. Бейтаптарда симптомдор адатта 1 күндөн 3 күнгө чейин созулат, бирок жабык жана эл көп чогулган чөйрөлөрдө вирус өтө тез жайылат.

Кариб деңизиндеги кемеде дагы кооптуу абал

Бордодогу эпидемия менен бир убакта Кариб деңизинин сууларында сүзүп бараткан Caribbean Princess круиздик кемесинде да ушундай эле жагдай. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматтарына ылайык, 28-апрелде Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарынан 3116 жүргүнчү жана 1131 экипаж мүчөсү менен жолго чыккан кемеде 102 жүргүнчү жана 13 экипаж мүчөсү норовирустун белгилери менен ооруду. Оору жуккан адамдар дароо обочолонуп, компания бардык аймактардын ​​дезинфекцияланганын жарыялаган.

Кабар жазылып жаткан сааттарда кеме Доминикан Республикасынын жээктеринде бараткан жана жекшемби күнү Багам аралдарынын борбору Нассауга токтошу пландалууда. Компания кийинки сапарга чейин кеме толугу менен дезинфекцияланарын билдирди, бирок эпидемиянын келип чыгуу булагы тууралуу эч кандай маалымат бөлүшүлгөн жок.

Круиздик кемелер эмнеге мынчалык алсыз?

Адистер круиздик кемелер эпидемиялардын жайылышы үчүн идеалдуу чөйрө экенин баса белгилешүүдө. Жүргүнчүлөрдүн көптүгү, тамактануу жана оюн-зоок аймактарынын ортоктугу, жабык ички мейкиндиктер жана эл аралык жүргүнчүлөрдүн кыймылы бир учурга туш келгенде, норовирус сыяктуу тез жугуучу козгогучтардын кыска убакыттын ичинде бүтүндөй кемеге жайылышы алдын алууга мүмкүн болбогон жагдайга айланууда. Саламаттыкты сактоо органдары норовирусту круиздик кемелердеги эпидемиялардын «алдын ала болжолдонгон жана кеңири таралган» себеби катары мүнөздөшөт.

Адистер мындай чөйрөлөрдө кол гигиенасы жана беттерди дезинфекциялоо өтө маанилүү экенин эскертип, оорунун белгилери байкалган жүргүнчүлөрдү орток аймактардан алыс кармоо — вирустун жайылышын чектөөнүн эң натыйжалуу жолу экенин белгилешет. Бордо жана «Caribbean Princess» окуяларында бийлик өкүлдөрү эки кеме үчүн тең бул протоколдорду ишке ашырганы байкалууда.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери норовирус дени сак адамдардын өмүрүнө чоң коркунуч туудурбай турганын, бирок 90 жаштагы же өнөкөт оорусу бар адамдар үчүн олуттуу экенин эскертишти.

Ошол эле учурда, Бордодогу кемеде каза болгон жүргүнчү менен вирустун ортосундагы байланышты изилдөө иштери уланууда.

Иликте
Президент Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Путин менен Витков, Санкт-Петербургда Украинадагы согуш тууралуу сүйлөштү
Украина: "Орус армиясынын чабуулдарынан 5 адам каза болуп, 56 адам жаракат алды"
Эрдоган: "Сириянын чалгындоо кызматынын жана Түрк чалгындоо уюмунун баатырларын куттуктайм"
Түркия менен бирге төрт өлкө Бедир өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
Пакистанда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, 10 адам каза болду
Иран: Инфраструктурабызды бутага алышса Ормуз кысыгынын астындагы интернет кабелдерин жок кылабыз
Россиядан АКШга дизелдик күйүүчү май ташыган биринчи танкердин эртең жолго чыгышы пландалууда
Хуситтер: "Аденде Сауд Арабиясынын операциялык штабы жайгашкан аскердик лагерге сокку урдук"
Министр Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту
Түндүк Корея менен Орусия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатышат
Судан менен Түштүк Судандын ортосундагы талаштуу аймакка дрондук чабуулдан 153 адам каза тапты
Францияда Mirage 2000D согуштук учагы кырсыкка учурады