Түркиянын коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурхaнеттин Дуран NSosyal социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө TRT World Forum 2026 форумуна байланыштуу Түркияга келген Нигериянын маалымат жана улуттук биримдик министри Мухаммед Идрис Малаги жана аны коштогон делегация менен жолугушканын билдирди.
Дуран жолугушуу тууралуу билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Түркия менен Нигериянын ортосундагы медиа жана коммуникация тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле коомдук дипломатия жана стратегиялык коммуникация багыттарында ишке ашырылышы мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду талкууладык. Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар коммуникация тармагында да өнүгүп, мындан ары да улана берет деп ишенем. Министр мырзага жана аны коштогон делегацияга ыраазычылык билдирем».






















