Басма сөз үчүн "кара күн": Жаңы эрежелерге каршы чыккан Пентагон кабарчылары күбөлүктөрүн тапшырышты

АКШдагы дээрлик бардык негизги маалымат каражаттары журналисттердин коопсуздук коркунучу катары белгиленишине жана алардын идентификациялары жокко чыгарылышына макул болууну талап кылган жаңы эрежелерден баш тартты.

Пентагондун пресс-корпусунун мүчөлөрү пресс-күбөлүктөрүн тапшыргандан кийин өздөрүнүн буюмдарын Пентагондон алып чыгып жатышат. / AP

АКШнын коргоо министрлиги Пентагондогу ондогон журналист министрликтин жаңы чектөөчү медиа эрежелерин четке кагып, идентификациялык карталарын тапшырышты.

Пентагондун басма сөз ассоциациясы билдирүүсүндө: "Бүгүн Коргоо министрлиги Америкадагы дээрлик бардык ири медиа уюмдарынын Пентагондогу кабарчыларынын идентификациялык карталарын чогултту", - деп айтылды.

Өздүгүн коргоо үчүн жаңы эрежелерге макул болбогон журналисттер үчү Пентагон имаратынан чыгып кетүү мөөнөтү саат 17:00гө чейин белгиленди.

ММК каражаттары жаңы саясат Биринчи Түзөтүүнүн (First Amendment) укуктарын бузуп жаткандыгын ырастоодо. The New York Times, The Washington Post жана CNN сыяктуу дээрлик бардык ири ММКлар бул жаңы саясат документин, анда камтылган маалымат жашыруун болбосо дагы, ага тиешелүү расмий эмес материалдарды алуудан же колдонуудан баш тартууга милдеттендиргендиктен, кол коюудан баш тартышты.

Коом: "Коргоо министрлиги журналисттер улуттук коопсуздукка байланыштуу кабарларды жарыялоону кылмыш деп эсептегендиктен жана бул жаңы эрежелерге кол койгондор дагы жоопко тартылышы мүмкүн болгондуктан, журналисттердин күбөлүктөрүн чогултту", - деп билдирди.

Коом мүчөлөрүнүн АКШ армиясы тууралуу кабар даярдоодо чечкиндүү экенин белгилеп:"Бирок эсиңиздерде болсун, бүгүн, 2025-жылдын 15-октябры, басма сөз эркиндиги үчүн кара күн катары тарыхта калат. Бул абал АКШнын Пентагондо коомчулуктун отчеттуулугуна, башкарууда ачык-айкындуулукка жана баары үчүн сөз эркиндигине болгон берилгендигинин начарлап баратканы тууралуу кооптонууларды күчөтөт", - деп кошумчалады.

Адилетсиз’ басма сөз

АКШнын президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Коргоо министри Пит Хегсетти жактап басма сөздүн “адилетсиз” экендигин айтты.

Трамп Ак үйдө журналисттерге жасаган билдирүүсүндө: “Менин оюмча ал басма сөздүн дүйнөлүк тынчтыкка тоскоолдук кылганын ойлоп жатат”, – деди.

Жаңы саясат журналисттерден басма сөзгө кирүүнүн жаңы эрежелерине макул болушун талап кылат. Бул эрежелердин арасында журналисттердин министрликтин кызматкерлеринен жашыруун же айрым жашыруун болбогон маалыматтарды билдирүүлөрүн каалаган учурда коопсуздук коркунучу катары белгиленүү ыктымалы жана Пентагондун аккредитациясынын жокко чыгарылышы кирет.

Пентагондун жаңы саясаты Fox News телеканалынын мурдагы алып баруучусу Хегсеттин тушунда басма сөзгө кирүү чектөөлөрүн кеңейтүүнүн акыркы мисалы катары каралууда.

Көптөгөн маалымат уюмдары, анын ичинде Fox News, басма сөзгө жаңы чектөөлөргө кол коюудан баш тартышты.