Хакан Фидан: "Газаны кайра куруу жана башкаруу палестиналыктардын колунда болушу керек"
Түркия Республикасынын тышкы иштер министри ок атышуу токтотулгандан кийин туткундардын бошотулушу, гуманитардык жардамдын кириши жана Израилдин күчтөрүнүн белгилүү линияларга чегиниши сыяктуу айрым маселелер ишке ашышы керектигин билдирди.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан: “Газанын кайрадан курулушу жана башкаруу палестиналыктардын колунда болушу керек”,- деп эл аралык коомчулуктун геноцидчи Нетаньяхунун кайрадан согушту таңуулоо ыктымалына каршы даяр экендигин белгиледи.
Фидан бейшемби күнү Парижде Европанын, араб дүйнөсүнүн жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн жогорку даражалуу дипломаттары Газадагы өткөөл процессти талкуулоо үчүн чогулган жыйынга катышкандан кийин басма сөзгө маалымат берди.
“Газанын кайрадан курулушу жана башкаруу палестиналыктардын колунда болушу керек. Коопсуздук күчтөрү да палестиналыктар тарабында болушу зарыл. Мында эч кандай шектенүү жок”- деген Фидан сөзүн төмөнкүчө улантты : "Албетте, кечээ абдан маанилүү болду. Эки жылдан бери Газада болуп жаткан геноцидди токтотууга үмүтү пайда болду. Түркия башынан бери эле президентибиздин жетекчилиги астында эл аралык аракеттерди жасады. Ислам дүйнөсү жана башка өнөктөштөр менен биргелешип иштөө аракеттерибизди күчөтүү жана координациялоо системасын, маданиятын ушул себеп менен дагы да өнүктүрдүк."
Фидан эл аралык коомчулукту да бул аракетке тартуу үчүн аракет кылып жаткандарын белгилеп: "Жарандык коом уюмдары, мамлекеттик мекемелер... Баарыбыз колубуздан келгендин баарын жасадык. Бүгүн бул жыйынтыкка бирге жеткенибизге кубанычтабыз. Кан төгүүлөр токтойт жана палестиналык боордошторубуздун кыйынчылыгынын токтошу үчүн бир үмүт бар",- деди.
Фидан бул этапта алдыда бир нече маанилүү маселелердин турганын жана учурда макулдашылган маселе төрт максаттын ичинен биринчи фазаны ишке ашыруу планы экенин билдирип: "Ок атышпоонун түзүлүшү, барымтадагылардын жана камактагылардын бошотулушу, үзгүлтүксүз гуманитардык жардамдардын кайра башталышы жана Израиль аскерлеринин белгилүү бир линияларга чыгарылуусу. Мунун баары макулдашылган биринчи этап ишке ашыруу планынын бөлүктөрү. Буларды да өтө кылдаттык менен аткаруу керек. Түркия да бул беренеге ылайык ишке ашырууга катышат”,- деди.
‘Олуттуу жыйынтыктар’
Фидан Түркия да мүчө болгон Ислам Кызматташтык Уюмунан (ИККУ) жети өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана Араб лигасынын Европа Биримдигинен келген кесиптештери менен бирге столдо отурганын айтып, төмөнкүлөрдү белгиледи: "Биз кечээки келишимдин жыйынтыктарын жана аны кантип ишке ашырууну, өзгөчө Газаны экономикалык, административдик жана кайра куруу жагынан кантип бутуна тургузууну талкууладык. Европалыктар жана эл аралык коомчулуктун калган бөлүгү бул процессте кандай роль ойной алат, буга абдан кылдаттык менен токтолдук. Бүгүн чындап эле маанилүү чечимдерди кабыл алууга негиз боло турган олуттуу жыйынтыктарга жетишилди. Айрыкча европалык министрлер өз борборлоруна жана саясий лидерлерине биздин байкоолорубуз менен абдан олуттуу жыйынтыктарды алып барышат деп ойлойм."
Фидан маселени чечүүдө эки мамлекеттүү чечимдин маанисине басым жасап, баарынын муну маселени чечүүдө негизги ролду ойноорун кабыл алганы кубандырарын айтып: "Биз Түркия катары мындай дедик: Эгерде Газаны кайра куруу жана ишке ашырыла турган пландар Газаны 2023-жылдын 7-октябрына чейинки шарттарга кайтарса, анда биз келечекте дагы бир согушка туш болобуз дегенди билдирет. Анткени 7-октябрга чейин Газа ачык асман алдындагы түрмө сыяктуу эле" деп Газанын эркин соода же экономика жок, бардыгы Израилдин көзөмөлүнө жана чектөөлөрүнө баш ийген жер экенин белгиледи.
Тынчтык тууралуу Нетаньяхуга ишенүүгө болбойт
Фидан ислам дүйнөсүндөгү актерлор тарабынан айрым маселелердин эми түшүнүктүү болгонун баса белгилеп, "'Эгерде бирге келсек, бир нерселерди ишке ашыра алабыз' деген сезимди алып жүргөндөрүн көрүп жатабыз. Чындыгында, айрым нерселер биздин тагдырыбыз эмес; көбүрөөк эркке, аракетке, профессионалдуулукка жана көз карандысыз ой жүгүртүүгө муктаждык бар. Муну көрө билүү дагы үмүт берүүдө. Мен, бир гана Палестина маселесин чечүүдө эмес, аймактагы башка көйгөйлөрдү чечүүдө да Түркиянын көрсөткөн бул жаңы руху чоң роль ойнооруна ишенем",- деди.
Фидан Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген келишимге токтолуп, мунун чоң үмүт жаратканын белгилеп: "Бирок ар дайым көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин унутпаш керек. Нетаньяхунун кандай тарыхы баарына белгилүү; анын тынчтык маселесинде канчалык ишенимсиз экенин билебиз. Израилдин кайрадан согушту таңуулоо ыктымалдыгы бар. Ага каршы эл аралык коомчулук азыр сергек турат. Анткени барымтадагылар маселеси чечилгенден кийин, Израилдин мыйзамдуулук үчүн колдоно турган эч кандай аргументи калбайт. Албетте, иш жүзүндө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн; бул табигый нерсе. Бирок бул бизди пессимисттик маанайга түртпөшү керек. Биз профессионалдуу жана координацияланган түрдө иштөөнү улантабыз", - деп билдирди.