ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ 23 жыл мурун оккупацияга алган Ирактан чыгуу процессин аяктаганын жарыялады
Ирактын премьер-министри Али аз-Зейди: "2026-жылдын 30-сентябры эсте каларлык күн болот".
АКШ 23 жыл мурун оккупацияга алган Ирактан чыгуу процессин аяктаганын жарыялады
Ирактын премьер-министри Али эз-Зейди: "2026-жылдын 30-сентябры – эсте кала турган күн"

АКШ армиясы 2003-жылы оккупацияга алган Ирактан чыгуу процесси аяктаганын жарыялады.

Пентагондун басма сөз катчысы Шон Парнелл чыгып кетүү процесси боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жарыялады.

Парнелл АКШ менен Ирактын 2024-жылдын сентябрь айында кабыл алынган биргелешкен билдирүүсүнө ылайык жана "АКШнын улуттук кызыкчылыктарынын" алкагында АКШ жана коалициялык күчтөр Ирактан чыгып кетүү процессин аяктаганын билдирди.

Парнелл АКШнын Иракты оккупацияга алуу процессинде аймактагы террордук коркунуч жеңилгенин айтып: "Пешмерге жана Түндүк Ирактагы башка коопсуздук күчтөрү да болгон Ирак коопсуздук күчтөрүнүн Ирактын коопсуздугун камсыз кылуу жана ДЕАШтын калдыктарын жок кылуу боюнча уланып жаткан аракеттерге жол башчылык кылышын күтүп жатабыз",- деди.

Парнелл Пентагондун Иракка машыктыруу жана чалгындоо колдоосун улантарын белгилеп: "АКШ чек араларын коргогон, элин коргогон жана эки өлкөнүн ортосундагы терең коммерциялык, дипломатиялык жана коопсуздук кызматташтыгынын негизин түзгөн күчтүү жана эгемендүү Иракты колдойт",- деп билдирди.

Бир тараптан Ирактын премьер-министри Али аз-Зейди АКШ жетектеген эл аралык коалициянын өлкөдөгү ДЕАШ террордук уюмуна каршы күрөшүү миссиясы аяктаганын билдирди.

Зейди борбор шаар Багдадда "Эгемендүүлүк күнүн" жана эл аралык коалициянын миссиясынын аякташын белгилөө үчүн өткөрүлгөн расмий аземде сөз сүйлөдү.

Зейди эл аралык коалициянын ДЕАШка каршы күрөшүү миссиясынын аякташы достук мамиледеги өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы кызматташтык "экстремизмдин жана жырткычтыктын эң караңгы мезгилдеринин бирине каршы жеңишке жеткенин" көрсөткөнүн айтып, Ирак элинин куралдуу күчтөр менен биргеликте жүргүзгөн күрөшү армиянын кайра түзүлүшүнө жол ачканын билдирди.

Зейди бул маанилүү күрөштө достук мамиледеги өлкөлөрдүн Иракка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирактын куралдуу күчтөрүнүн катарын кайра түзүү менен курал-жарак жана жабдуулар жагынан да күчтөндүрүлгөнүн айтты.

Эл аралык коалицияга катышкан өлкөлөргө жана Ирактын коопсуздук күчтөрү менен иштеген командирлерге, офицерлерге, машыктыруучуларга жана кеңешчилерге ыраазычылык билдирген Зайди коалициянын миссиясынын аякташы терроризмге каршы күрөштүн аякташы дегенди билдирбей турганын баса белгиледи.

Зейди бул окуя Ирактын коопсуздук жана туруктуулугу үчүн толук жоопкерчиликти ала турган жаңы доорго өтүүнү билдирерин белгиледи.

Ирактын премьер-министри Зейди: "Мыйзамдын чегинен тышкары курал болбойт жана мамлекеттин институттарынан тышкары бийлик болбойт", - деп жарыялады.

2003-жылдын март айында Саддам Хусейндин режимин кулатуу үчүн Иракка басып кирген АКШнын өлкөдө тогуз белгилүү аскердик базасы болгон. АКШ 2011-жылы Ирактан чыкса да бул жердеги катышуусун ушул базалар аркылуу бекемдеген.

АКШнын 2003-жылы Ирактагы оккупациясы менен башталган башталган аскердик катышуусу, көп жылдык кыйроодон жана оор жоготуулардан кийин аяктап, чоң адамзат трагедиясы артта калды.

Иликте
Президент Эрдогандын түрк мамлекеттерин кызматташтык күнү менен куттуктады
Халук Гөргүн: "Коргонуу өнөр жайыбыздын күчү жаштарыбыздын акылы жана жүрөгү"
Трамп Түркияга карата CAATSA санкцияларын жоюуга оң көз карашын билдирди
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду