ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: Түркия ислам дүйнөсүндө альянстарды кеңейтип, келишпестиктерди азайтууга аракеттенүүдө
Президент Эрдоган Түркиянын ислам дүйнөсүндө биримдикке жетишүүгө аракет кылып жатканын, бирок Израилдин "согушка көз каранды" азыркы өкмөтү бүтүндөй аймакты туруксуздаштыруу үчүн ар кандай провокацияларды жасап жатканын билдирди.
Эрдоган: Түркия ислам дүйнөсүндө альянстарды кеңейтип, келишпестиктерди азайтууга аракеттенүүдө
Президент Эрдоган 2026-жылдын 28-августунда Түркиянын Стамбул шаарындагы Халич конгресс борборунда өткөн Мавлид ан-Наби жумалыгынын программасында сөз сүйлөөдө. / َAA

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Анкара өз ичинде да, ислам дүйнөсүндө да өнөктөштүктү чыңдоого жана пикир келишпестиктерди азайтууга аракет кылып жатканын билдирди.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Анкара өз ичинде да, ислам дүйнөсүндө да өнөктөштүктү чыңдоого жана пикир келишпестиктерди азайтууга аракет кылып жатканын билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы «Халич» конгресс борборунда өткөрүлгөн Пайгамбар Мухаммеддин туулган күнүнө карата белгиленген Мевлид-и Неби жумалыгы программасында сүйлөгөн сөзүндө: «Бардык аракеттерибиз географиябызда тынчтык жана коопсуздук атмосферасын түзүүгө багытталган. Буюрса,  күчүбүз жеткенче биримдикке, бир туугандыкты орнотууга жана ислам дүйнөсүнүн биримдик жана бүтүндүктө иш-аракет кылышын камсыз кылууга бүт аракетибизди жумшайбыз. Биз бул аң-сезим менен саясатты жакынкы жана алыскы географиялык аймактарда гана эмес, өз өлкөбүздө да жүргүзүп, 86 миллион адамдын бир туугандыгын жана жалпы тагдырын мындан ары бекемдөөнүн жолдорун издеп жатабыз», - деди.

Мусулмандардын ортосундагы биримдиктин маанисин баса белгилеп, алардын укуктарын коргоого чакырган президент аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту орнотуу үчүн биргелешип иштөө керектигин айтты.

Эрдоган: "Биз жакшылык менен жамандык күрөшүп жаткан тарыхый мезгилде жашап жатабыз жана  буюрса, акыры жакшылык жеңет", - деди.

Президент Эрдоган : "Сионизм деп аталган радикалдуу, басып алуучу, геноциддик идеология коңшуларынын тынчтыгына коркунуч келтирип гана тим болбостон, аймактык тынчтыкты жана гуманитардык баалуулуктарды коргогон ар бир адамды бутага алууда. Дүйнө бул геноциддик тармактын мыйзамсыз, принципиби жок жана чек арасыз саясатына зарыл реакцияны көрсөтпөй жатат",- деп кошумчалады.

Эрдоган : "Израилдин азыркы согушуп жаткан өкмөтү коңшуларынан баштап, бүткүл аймагыбызды туруксуздаштыруу үчүн ар кандай провокацияларды жасап жатат", - деди.

Иликте
Түркия CICA саммитинде кабыл алынган Баку декларациясын кубаттады
Россиянын дрон чабуулдарынан улам Украинанын Волынь облусунда 370 миң адам электр жарыгысыз калды
Трамптын Зеленскийге реакциясы: "Путин менен иштешүү оңоюраак"
АКШда башталгыч мектептеги куралдуу кол салуудан 3 окуучу жана 1 мугалим каза болду
Бешикташ УЕФА Европа Лигасынын эки беттешинде эки жеңишке жетишти
Нигерияда Боко Харамдын аскердик базага кол салуусунан 14 адам каза болду
Израилдин аскерлери Сириянын аймагындагы үйлөрдү тинтип, айыл чарба жерлерине ок чыгарышты
Фидан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммиттинде сөз сүйлөдү
Президент Эрдоган Өзбекстандын президенттик администрациясынын башчысы Мирзиёеваны кабыл алды
Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы чек ара көпүрөсү 12 жылдан кийин ачылды
Пезешкиан: Өлкө революциядан бери эч качан мындай катуу кысымга жана кыйынчылыктарга туш болгон эмес
Бельгиянын Фламанд аймагында Батыш Нил вирусунан эки адам каза болду
Министр Фидан Бакуда Азербайжандын президенти Алиев тарабынан кабыл алынды
CICA саммитинде Израилдин президенти сүйлөп жатканда көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү залдан чыгып кетишти
Орусия: "АКШга дизель жеткирүү 2-3 жуманын ичинде башталышы мүмкүн"