ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Газада Израилдин кол салууларында каза болгон журналисттердин саны 232ге жетти
Палестиналык фотожурналист Адам Абу Харбид Газа шаарында өлтүрүлдү. Медиа кеңсеси кол салуу боюнча Израилди жана анын батыш союздаштарын айыптады.
Газада Израилдин кол салууларында каза болгон журналисттердин саны  232ге жетти
/ AA

Курчоого алынган аймактын Өкмөт медиа кеңсесинин билдиргенине караганда Газада Израилдин 2023 - жылдын 7 - октярында баштаган геноцидден кийин өлтүрүлгөн журналист саны 232ге жетти.

Медиа кеңсеси берген маалыматта : “Газага карата геноцид согушу башталгандан бери өлтүрүлгөн журналист саны журналист Адем Абу Харбиддин өлтүрүлүшү менен 232ге жетти”,- деп айтылды.

Бирден көп медиа мекемеси менен иштешкен палестиналык фотокабарчы Абу Харбид Израилдин Газага абадан жасаган кол салуусунда каза болду.

Анадолу агенттигинин медициналык булактарынан алынган маалыматына караганда, Абу Харбид Ярмук базарына жакын жерде бир чатырды бутага алган Израиль тик учагынын кол салуусунда үч тууганы менен бирдикте өлтүрүлдү.

Кол салууда жубайы менен балдары да жаракат алды.

Медиа кеңсеси Израилдин “журналисттерди системалуу түрдө бутага алуусун” айыптап, эл аралык жана аймактык медиа уюмдарын каршылык көрсөтүүгө чакырды.

Билдирүүдө: «Бул ырайымсыз жана адамкерчиликсиз кылмыштар үчүн жоопкерчилик толугу менен Израилдин оккупациясына, АКШ администрациясына, Британия, Германия жана Франция сыяктуу геноцидге шериктеш болгон өлкөлөргө жүктөлөт»,-деп айтылат.

Ушул күнгө чейин Израиль Газада уланып жаткан кыргынында 59 миң 500дөн ашуун палестиналыкты өлтүрдү, алардын көбү аялдар жана балдардан турат.

Израилдин кол салуулары Газанын инфраструктурасы менен саламаттыкты сактоо системасын кыйратты жана бүткүл аймакта кеңири жайылган ачарчылыкка себеп болду.

Ноябрь айында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты согуштук жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алууга ордер чыгарган.

Израилдин Газадагы согушу үчүн Эл аралык сотто да иш козголгон.

Иликте
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет
Вэнс: Иран БУУнун ядролук инспекция агенттигинин кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө макул болду
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү
Түркиянын орнотулган электр энергиясынын кубаттуулугу 125 598 мегаваттка жетти
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер кызматынан кетти
Орусия 60 дронду атып түшүргөнүн билдирди; Москвадагы аэропорттор кыска мөөнөткө жабылды
Ортомчулар АКШ менен Иран Швейцарияда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктаганын билдиришти
Иран: Ливандагы согушту токтотуу аракеттеринде ийгиликтерге жетишилди