ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Венесуэла АКШнын жээкке жакын аймактарда согуштук учактарды учурушу провокация экенин айтты
Каракас Венесуэланын жээктеринде аныкталган учактардан улам "улуттук коопсуздук коркунучу" деп жарыялады, бирок Вашингтон бул кол салуулар баңгизат аткезчилигине багытталгандыгын айтууда.
Венесуэла АКШнын жээкке жакын аймактарда согуштук учактарды учурушу провокация экенин айтты
Владимир Падрино Лопес / AP

Венесуэла Коргоо министри Владимир Падринонун  өлкөнүн жээгине жакын жерде АКШнын беш согуштук учагы байкалганын жарыялагандан кийин  АКШны аскердик куугунтук учуусун жүргүздү деп айыптады.

Падрино мамлекеттик телеканалы аркылуу билдирүүсүндө:

"Бул согуштук учактар. Империализм Венесуэланын жээктерине тайманбастан жакындады", - деди.

 Министр Падрино бул учууларды "провокация" жана "өлкөнүн коопсуздугуна карата коркунуч" деп мүнөздөдү.

 АКШнын ар кандай чабуулу “улуттук мобилизацияга” түрткү болорун эскерткен Падрино:“Дүйнө алдында АКШ өкмөтүнүн Венесуэла элине каршы аскердик куугунтуктоону жана аскердик коркунучун айыптайм”,- деди.

Каракас менен Вашингтондун ортосундагы тирешүү акыркы апталарда күч алды.

АКШ акыркы бир айда Пуэрто-Рикого 10 даана F-35 согуштук учагын жөнөттү. Бул өлкөнүн Кариб деңизинде ондогон жылдардан бери ишке ашырган эң ири аскердик жайгаштыруулардын бири.  Бул жайгаштыруу сегиз согуштук кеме жана бир өзөктүк суу астындагы кемени камтыйт.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро бул акцияны “курчоо” жана “коркутуу” деп атады.

Юридикалык негиз

Келишпестик Вашингтондун Венесуэлага жакын  эл аралык сууларда баңгизат аткезчилеринин кемелерине кийлигишкенин ырасташы менен чыкты.

Үч чабуулдан кеминде 14 киши каза болду.

АКШ Коргоо министрлиги Пентагон Конгресске жөнөткөн, бирок AFPнин колуна өткөн билдирүүдө, АКШнын президенти Дональд Трамптын наркокартелдерди "мамлекеттик эмес куралдуу топтор" катары аныктаганын жана алардын аракеттеринин "АКШга каршы куралдуу кол салууну" түзөрүн билдиргени белгиленди.

Ак үйдүн расмий өкүлү мындай билдирүүнүн кандайдыр бир аскердик чабуулдан кийин даярдалганын жана документтин «жаңы маалыматты камтыбаганын»  кошумчалады.

Мадуро Вашингтонду баңги аткезчилигин Венесуэладагы режимди алмаштырууну актоо жана өлкөнүн эбегейсиз мунай запастарын басып алуу үчүн жалган шылтоо катары айыптады.

Өткөн айда Трамп Венесуэланын учактары АКШнын деңиз күчтөрүнүн кемесине жакындагандан кийин, эгер ушуга окшош окуя кайталанса, Венесуэланын учактары "атылып түшүрүлөт" деп айткан.

 

 

Иликте
Лавров Россия менен Түндүк Кореянын жаңы көп полюстуу дүйнөлүк тартипти издеп жатканын айтты
Түркия 2026–2030-жылдарда глобалдык ЖИ борбору болуу максатындагы жол картасын жарыялады
Австралия менен Япониянын коргоо министрлери терең аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөштү
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"
Ирак Эрбилдеги кол салуулардан кийин Ирандан так расмий позицияны талап кылды
Криштиану Роналду пенсияга чыгабы?
UKMTO: "Ормуз кысыгында бир кеме соккуга кабылды"
Израиль Сириянын Идлиб облусундагы Абу Зухур аскердик аэродромуна сокку урду
Трамп Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө "биринчи максат" экенин айтты
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү