Сереп салуу
САЯСАТ
4 мүнөт окуу
АКШ демократиясы эң чоң сыноого туш болот
Элдик башкаруунун эксперименти катары жаралган демократиянын бул негизги принцибине АКШда структуралык кемчиликтер жана партиялык бөлүнүүлөр барган сайын коркунучтуу болуп баратат.
00:00
АКШ демократиясы эң чоң    сыноого туш болот
Демократия
28 Февраль 2025

Американын демократия эксперименти Америка Кошмо Штаттарынын 2024-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгынан көз карандысыз түрдө коркунуч астында.   Кыйынчылыктарды бул шайлоонун же утуп чыга турган талапкердин  ашып өтүшү кыйын. 

АКШ Конституциясынын биринчи эки сөзү "Биз элбиз".

Американын конституция негиздөөчүлөрү 1787-жылы документти биринчи жолу долбоор катары иштеп чыгып, көптөгөн үмүттү убада кылган.  Долбоор даярдалган учурда  дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө демократия болгон эмес.

Королдуктар, монархиялар же элди таптакыр катыштырбаган башкаруу формалары үстөмдүк кылган. Америкалык тарыхчы Жеймс МакГрегор Бернс айткандай, Америка бир эксперимент эле, элдик башкаруудагы эксперимент.  

Андан тышкары Беньямин Франклин Филадельфиядагы Көз карандысыздык залынан чыгып баратканда андан негиздөөчүлөрдүн кандай өлкө жараткандыгы суралат, айтылгандарга караганда : «Эгер коргой алсаңар бир республика»,- деп кыйкыргын.

Бирок ошол эле учурда Американын алдыңкы негиздөөчүлөрүнөн Жон Жей  : «Өлкөнү өлкөгө ээ болгондор башкарышы керек»,- деген. Франклин жана Жей Америка демократиясынын эки тараптуулугун абдан жакшы чагылдырууда.

«Эл» деген ким?

Конституциядагы «Биз элбиз» деген сөз кенен камтуучу эмес эле.

Алкакты даярдагандар ; кул ээлери, соодагерлер жана жер барондору болгон. Алар элдин өкүлү болгон эмес. Алар даярдаган документте  кулчулукка жол берилип, кулдарды "адамдардын бештен үч бөлүгү" катары көрүшкөн. 

Аялдар укугу аз болгон экинчи сорттогу жарандар болгон. Добуш берүү укугу  болгон эмес. Америка Кошмо Штаттарынын президентин Шайлоо Комиссиясы шайлаган.

Бирок Жогорку соттун мурдагы судьясы Тургуд Маршалл айткандай, кемчиликтүү  демократия убакыттын өтүшү менен жакшырды. «Биз элбиз» убадасынын кенен камтуучу абалга келиши үчүн 27 конституциялык өзгөртүү, жарандык согуш жана жарандык укуктар кыймылы керек эле бирок ал да толук аягына чыккан жок.  

Эл аралык келишимдин бүтүшү

Америка демократиясында суктана турган көп нерсе бар. Бул көптөгөн адамдар үчүн чоң бейпилдик, жеке эркиндикти сунуштайт жана  мүмкүнчүлүктөрдүн бар экенин билүү сезими дүйнө жүзүндөгү мигранттарды өзүнө тартууда.

АКШ дүйнөлүк масштабда  демократиянын  шам чырагы болду. Суук согушта жана ушул кезге чейин эркиндиктин лидери жана  эрежелерге таянган эл аралык тартиптин кепили болду.

1989 -  жылы Берлин дубалынын кулашы жана  1991 -  жылы Советтер союзунун таркашынан кийин АКШ  убактылуу түрдө жашап калган бир гана супер держава болду. Бирок эми  30 жылдан ашуун убакытан кийин  дүйнө өзгөрдү.

Америка Кошмо Штаттары мурдагыдай үстөмдүк кылуучу күч болбошу мүмкүн ал түгүл айрымдары анын төмөндөп бара жатканын же олуттуу кыйынчылыктар менен бетме  - бет экендигин ойлоп жатышат.

Ушул себептен айырмдарына караганда эл аралык чөйрө Американын демократиясынан тартынбайт ; Кансыз согуштун аякташы менен Америка Кошмо Штаттарын ондогон жылдар бою кармап келген саясий консенсус кыйрады.

Жакындап келе жаткан сынак

Айрымдар үчүн  Америка демократиясынын  кемчиликтери жеке; демократиянын келечеги мурдагы президент Дональд Трамп же вице-президент Камала Харристин шайланышына байланыштуу белгисиз болууда.  

Бирок абал талапкерлердин    мүнөзүнөн дагы терең.   Америка демократиясынын кыйынчылыктары абдан чоң жана жеке адамдардан мурда келет.

Америка тарыхы добуш берүү укугу акырындык менен кеңейсе да ошол эле учурда  жеке адамдарды добуш берүү укугунан ажыратууга аракет кылган контртенденцияны да камтыйт.

Демократиянын өзгөчө белгиси болгон жалпы шайлоо укугу Америка Кошмо Штаттарында  кеңири кабыл алынбайт жана кимдин добуш бериши керектиги боюнча чоң партиялык ажырым бар.

Дүйнөдө конституциялык жактан добуш берүү укугу жок жана элдин президентти түздөн түз  шайлоо укугу  болбогон бир гана демократиялык өлкө  - бул АКШ.

Жеке акча (private money)  АКШнын саясий процессин бузуп жатат. Сурамжылоолор  көптөгөн маселелер боюнча кеңири пикир келишпестиктерди көрсөттү жана саясий поляризацияланган дүйнөдө жашап жатабыз.

Бүгүнкү Америка тарыхында болбогончолук байлар менен кедейлердин ортосундагы байлык жана киреше ажырымынан жапа чегип жатат. Ошол эле учурда раса боюнча да  дискриминация  бар.

Репродуктивдүү укуктар үчүн күрөш коомдогу эркектер менен аялдардын ортосундагы бөлүнүүнү көрсөтүүдө.

Биз эки башка жана бирдей эмес дүйнөдө жашап жатабыз. Бир убактар Авраам Линкольн айткандай: "Өз ичинде бөлүнгөн үй жашап кала албайт".

АКШ 18 -  кылымда ат арабасы доорунда жазылган дүйнөнүн эң эски конституциясына ээ жана муну  21 -  кылымдын компьютерлер жана жасалма интеллект дүйнөсүнө ылайыкташтырууга аракет кылууда.

Бул конституция Америка Кошмо Штаттарынын бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрүн чечүү үчүн жетишсиз болушу мүмкүн. Америка Кошмо Штаттары мүдүрүлсө, бүткүл дүйнөдөгү демократия да мүдүрүлүүдө.

Freedom House  жарандык коом мекемеси 1970 -  жылдардан  2000 – жылдарга чейин демократиянын маанилүү өлчөмдө  жайылышынан кийин Америка экспериментинин эми глобалдык артка чегинүүнүн ичинде экендигин белгилеп жатат. Демократия глобалдык эксперименттин бир бөлүгү. АКШда ийгиликсиз боло турган болсо глобалдык жактан да ийгиликсиз болот.

АКШны кыйынчылыкка түртө турган жагдайларды оңдоо кыйын иш. 2024 -  жылдагы шайлоонун жыйынтыгы буга туруштук бере алабы жокпу  азырынча белгисиз.

 

Иликте
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газадагы палестиналыктардын үйлөрүн талкалап жатат
Сириянын президенти Сириянын экономикалык өнүгүүсү үчүн Эл аралык валюта кору менен жолугушту
Лавров Украина боюнча Рубио менен бетме-бет жолугушууга даяр
Батыш Шериада мыйзамсыз отурукташкандардын чабуулдарынан каза болгон палестиналыктардын саны өсүүдө
БУУ: Эль-Фаширдеги жайкын тургундар "элестетүү мүмкүн болобогон" мыкаачылыкка туш болууда
Шараа Трамп менен жолугушуу үчүн АКШга келди
Трамп Газа боюнча Эл аралык коопсуздук күчү "жакында" түзүлөрүн айтты
Израиль министри Мамданинин жеңишинен кийин Нью-Йорктогу жөөттөрдү качып кетүүгө үндөдү
Түркия Газадагы ок атышпоону улантууга чакырып, гуманитардык жардамдын жетишсиз экенин билдирди
Түркиянын тышкы иштер министри Фидан Финляндияга барды
Нью-Йорктун тарыхында калыптанган тартипти бузуп, жеңген жаш мусулман талапкер-Зохран Мамдани
Нью-Йорктуктар жаш мусулман Зохран Мамданини мэр кылып шайлоо менен АКШнын саясатын өзгөртүштү
Мерц Сириянын президентин качкындар жана экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн Германияга чакырды
Перу мурдагы премьер-министрине башпаанек берген Мексика менен дипломатиялык мамилелерин үздү
Трамп Нигерия жана Украина тууралуу сөз кылды
Трамп Орусия менен Кытай жашыруун өзөктүк сыноолорду жүргүзгөнүн айтты
Украинада орусиялыктардын чабуулунан алты адам, анын ичинде эки бала каза болду
Израиль Ливандын түштүгүнө кол салып, ок атышпоо келишимин бузду
Хегсет: «АКШ менен Кытай чыңалууну басаңдатуу үчүн аскердик байланыш түзүмүн түзүшөт»
Трамп «христиандарды өлтүрүү» боюнча айыптап, АКШнын Нигерияга аскердик операциясын кыйытты