ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ормуз кысыгынан бардык түрк желектүү кемелер менен бирге 100дөн ашуун кеме эвакуацияланды
БУУнун деңизчилик агенттиги шейшемби күндөн бери 2500гө жакын деңизчи эвакуацияланганын, бирок кемелер бутага алынбайт деген кепилдик күтүлүп жаткандыктан, операциялардын убактылуу токтотулганын билдирди.
Ормуз кысыгынан бардык түрк желектүү кемелер менен бирге 100дөн ашуун кеме эвакуацияланды
Мусандамдан (Оман) көрүнгөн Ормуз кысыгындагы кемелер, 2026-жылдын 22-июну. / Reuters Archive

Бириккен Улуттар Уюмунун деңизчилик уюму болгон Эл аралык деңиз уюму шейшемби күндөн бери Ормуз кысыгынан 115 кеме менен 2500 деңизчинин эвакуацияланганын билдирди.

Уюмдун Башкы катчысы Арсенио Домингес жума күнкү билдирүүсүндө: "Акыркы үч жарым күндүн ичинде кеминде 115 кемени эвакуациялоого жетиштик. Бул кемелердеги 2500гө жакын деңизчи Ормуз кысыгынан коопсуз аймакка чыгып кетти", — деди.

Домингес берилген сандардын азырынча тактала электигин белгилеп, жума күнү эртең менен ишке ашкан өтмөктөрдү ырастоо үчүн убакыт керек экенин айтты.

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу аймакта күтүп жаткан түрк ээлигиндеги кемелердин бардыгы бошотулгандардын арасында экенин билдирди.

Абдулкадир Уралоглу жалпысынан 99 түрк кызматкерин ташыган 15 кеменин 26 - июнда аймактан коопсуз чыгып кеткенин билдирди.

Домингес бейшемби күнү бир кемеге жасалган кол салуудан улам токтотулган эвакуациялоо иштерин кайра баштоо үчүн аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Башкы катчы кемелердин бутага алынбай турганы жана соода агымы улана тургандыгы боюнча жаңы кепилдиктер алынары менен эвакуациялоо процессин кайра баштоого даяр экенин айтты.

Домингес Ирандын "уруксатсыз коридор" колдонулган учурда "укуктук санкциялар" колдонулары тууралуу билдирүүлөрдү жөнөткөнүн, бирок бул санкциялар эмнени түшүндөрөрүн билбей турганын кошумчалады.

Эл аралык деңиз уюму бейшемби күнү Оман булуңундагы кемеге кол салуудан кийин Ормуз кысыгында калган деңизчилерди эвакуациялоо планын токтотконун жарыялады.

Домингес бейшемби күнү Американын X социалдык медиа платформасы аркылуу: "Бүгүн Оман булуңундагы кол салуу тууралуу кабар билдирилди. Деңизчилердин коопсуздугу биздин эң башкы артыкчылыгыбыз", - деп билдирди.

Домингес координацияланган аракеттерди жана коопсуз навигацияны камсыз кылуу үчүн кошумча тактык берилгенге чейин эвакуациялоо планы токтотула турганын билдирди.

Бейшемби күнү эртең менен Улуу Британиянын деңиз соода операциялары борбору Оман жээгиндеги жүк ташуучу кеме белгисиз снаряд менен атылып, көпүрөгө зыян келтирилгенин билдирген. Окуяда каза болгондор жана жаракат алгандар, экологиялык зыян тууралуу маалымат берилген жок.

Иликте
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди
Украина: Россиянын көмүскө флотуна таандык 14 кемеге чабуул койдук
Министр Фидан Парижде өтө турган "Украина" саммитине катышат
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту