САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Анталья дипломатия форумунда жолугушту
Эки тараптуу сүйлөшүүлөр ондогон жылдарга созулган кагылышуулардан кийин мамилелерди нормалдаштырууда маанилүү кадам болуп саналат.
Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Анталья дипломатия форумунда жолугушту
Speaking at a panel, Bayramov told attendees that the historical normalisation process between Azerbaijan and Armenia began after the fall 2020 Karabakh War. / AA

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Түркия кожоюндук кылган Анталия дипломатия форумунун алкагында жолугушту.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги ишемби күнкү билдирүүсүндө:«Тараптар Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтыкты жана мамлекеттер аралык мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуунун тексти аяктагандан кийинки нормалдаштыруу процессинин учурдагы абалын талкуулашты»,-деп айтылды. 

Билдирүүдө министрлер «диалогду улантууга чечкиндүү экендиктерин билдиришкени» белгиленди.

Анталия дипломатия форумунда катышкан панелде сөз сүйлөгөн Байрамов Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тарыхый нормалдашуу процессинин 2020-жылдагы Карабах согушунан кийин башталганын эске салды.

Өткөн айда эки өлкө тынчтык келишиминин тексти боюнча макулдашууга жетишкен.

«Кийинки этапта бул келишим ишке ашат. Ага кол коюлганда процесс аягына чыгат. Биз иштебеген процессти иштегидей абалга алып келдик. Армениянын Конституциясына да керектүү өзгөртүүлөр киргизилет. Ошентип, аймактык дооматтар жөнгө салынат»,-деп айткан Байрамов Түркиянын аймактагы ролун мактап жана негизги максаттын транспорттук линияларды кайра түзүү экенин баса белгиледи.

Байрамовдун билдирүүлөрүн колдогон Мирзоян тынчтык келишими аймакка гүлдөп-өнүгүүнү алып келерин айтып, болуп жаткан тоскоолдуктардын жоюлаарынын убадасын берди.

ТийиштүүTRT Global - Armenian PM set to sign peace deal with Azerbaijan

Тынчтык жана нормалдаштыруу процесси

Анталья дипломатия форумун өткөргөн Түркия көптөн берки союздашы Азербайжандын Армения менен карым- катнаштарын жөнгө салуу аракетин колдойт. 

Мурдагы советтик эки жумурияттын мамилеси 1991-жылы армян армиясы эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы деп таанылган Карабакты жана анын тегерегиндеги жети аймакты басып алгандан кийин чыңалган.

Бул аймактардын көбү 2020-жылы күзүндө 44 күндүк согуштун натыйжасында Азербайжан тарабынан кайтарылып алынган. Согуш Орусиянын ортомчулугу менен жетишилген ок атышпоо келишими менен аяктап, нормалдаштыруу жана чек араны тактоо сүйлөшүүлөрүнө жол ачты.

2023-жылы сентябрда Азербайжан Карабактагы жикчил күчтөрдүн багынып бериши менен аймактын толук эгемендигине жетишкен. 13-мартта Баку менен Ереван тынчтык келишиминин бардык 17 беренеси боюнча макулдашканын жарыялашкан.

ТийиштүүTRT Global - Azerbaijan, Armenia develop consensus on peace deal clauses

Иликте
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди