ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия менен Ливия тоо-кен, энергетика жана инфраструктура тармактарында келишимге кол коюшту
Эмаар Ливия Холдинг компаниясынын башкы директору: «Түркия экономика жана энергетика жагынан абдан күчтүү өлкө»,-деди.
Түркия менен Ливия тоо-кен, энергетика жана инфраструктура тармактарында келишимге кол коюшту
Fouad Al-Awwam and Murtaza Karanfil sign Türkiye-Libya goodwill deal in Istanbul to boost trade and ties in energy, mining, and infrastructure. / AA

Түркия менен Ливия тоо-кен, энергетика жана инфраструктура тармагындагы кызматташууну арттыруу боюнча келишимге бүгүн кол коюшту.

Бул меморандумга Түркиянын Тышкы Экономикалык Байланыштар Кеңеши (DEIK), Түркия-Ливия бизнес кеңеши, Ливиянын Улуттук тоо-кен корпорациясы, Ливиянын Көргөзмөлөр жана конференциялар боюнча Башкы Башкармалыгы менен Emaar Libya Holding компаниясы кол коюшту. Макулдашуунун максаты үч тармакта эки тараптуу соода көлөмүн көбөйтүү болуп саналат.

Келишимге DEİK Түркия-Ливия бизнес кеңешинин төрагасы Муртаза Каранфил жана Emaar Libya Holding компаниясынын башкы директору Фуад Аль-Аввам кол коюшту.

Каранфил сөз сүйлөөсүндө Түркия менен Ливиянын мамилелери терең тарыхка негизделгенин айтты.

Өнөр жай баш болуп көптөгөн тармактарда иш алып барган жана кол чатырында 30 фирмасы бар Emaar Holding менен келишимге кол коюлганын маалымдаган Каранфил, компаниянын Ливиянын чыгыш жана түштүк аймактарында көптөгөн инвестицияларды жасап, бизнес мүмкүнчүлүктөрүн түзгөнүн билдирди.

Каранфил “Түркиялык ишкерлер катары биз Ливиянын бардык аймактары менен иштешип келгенибизге карабастан, Emaar Holding менен кызматташуу аркылуу өлкөнүн чыгыш бөлүгү менен мамилелерди өнүктүрүү бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет,” – деди.

Соода көлөмүн көбөйтүү

Anadolu агенттигине билдирүүсүндө Каранфил Түркиянын Ливияга экспортунун 2014-жылдан кийин Түндүк Африка өлкөсүндөгү туруксуздуктан улам 2,5 миллиард долларга азайгандыгын жана акыркы 10 жылдан бери ушул деңгээлде турганын айтты. Учурдагы жалпы соода көлөмү болсо 4 миллиард доллардын тегерегинде экенин билдирди.

Кол коюлган келишимдин Ливиянын чыгышы менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү максат кылганын белгилеген Каранфил : «Соода көлөмүн дагы да көбөйтүүнү каалайбыз»,-деди.

Акыркы жылдары Ливиянын түштүк аймагында табылган бай минералдык кендерге көңүл бурган Каранфил: “Биз алардан түштүктөгү кендердин карталарын жана инвестиция менен кызматташууга артыкчылык берилчү аймактарды маалымдоону сурандык. Мунун ордуна, керек болсо чыгыштагы фирмаларыбыз менен B2B жолугушууларын уюштуруп, түрк тоо-кен өндүрүшүн Ливиянын чыгышы менен байланыштырууну максат кылуудабыз” – деп билдирди.

Энергетика тармагында көбүрөөк түрк компаниялары максатталууда

Ливиянын түштүк аймагында көптөгөн өлкөлөрдүн көңүлүн бурган маанилүү минералдык ресурстар бар экенин айткан Каранфил: “Бүгүнкү күндө Ливиянын Тоо-кен тобуна катталган болгону алты түрк компаниясы бар. Биз алардын санын көбөйтүп, Ливия менен өзгөчө энергетика тармагында иштешүүнү каалайбыз. Ливия Африкага да, Африканын да дүйнөгө ачылган дарбазасы" деди” – деди.

Emaar Libya Holding башкы директору Аль-Аввам да Түркиянын экономика жана энергетика жагынан абдан күчтүү өлкө экенин айтты.

Аль-Аввам : «Эмаар Холдинг катары Түркия менен бул тармактарда келишимдерге кол коебуз, ошол эле учурда түрк рыногун Ливияга алып келүү, түрк продукциялары үчүн туруктуу рынок түзүү жана аларды жайылтуу аракетибизди улантуудабыз»,-деди.

Иликте
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Орусия 60 дронду атып түшүргөнүн билдирди; Москвадагы аэропорттор кыска мөөнөткө жабылды
Шара: «Биз Сириянын Ливанга мурдагы аскердик кийлигишүүсүнүн ыкмасына кайткыбыз келбейт»
Зеленский Орусиянын ири чабуулга даярданып жатканын айтты
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Каирдеги жолугушуу башталды
НАТОнун Парламенттик cаммити Стамбулда өтөт
Ирандын сүйлөшүүчүлөрү жана АКШнын вице-президенти Вэнс сүйлөшүү үчүн Швейцарияга келди
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Министр Фидан Каирде жолугушууларды өткөрдү
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат