ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
TRT Балкан Сребреница кабары үчүн эки журналисттик сыйлыгына ээ болду
Аида Каукович тарабынан жазылган "Поточариде Рамазан: Ошол учурда жана азыр" аттуу блогу/влог категориясында сыйлык алып, ал эми Харис Домазеттин "Сребреницадагы 354 күн" эң мыкты телекөрсөтүү программасы болур тандалды.
TRT Балкан Сребреница  кабары үчүн эки журналисттик сыйлыгына ээ болду
/ TRT Balkan

ТРТ Балкан Сребреница жана анын трагедиялуу тарыхына арналган эң мыкты журналистикалык эмгектерине сыйлык берген “Нино Чатич” журналистикалык сыйлыктарынан экөөсүнө ээ болду. Бул сыйлыктар алтынчы жолу катары менен берилип жатат.

Блог/влог номинациясында продюсер Аида Кауковичтин "Поточариде Рамазан: Ошол учурда жана азыр" аттуу баяны блогу/влог категориясында сыйлык алып, продюсер Харис Домазеттин "Сребреницадагы 354 күнү" аттуу баяны эң мыкты телекөрсөтүү жаңылыгы категориясы болуп тандалды.

Бул сыйлыктар TRT Балкан журналисттеринин кесипкөйлүгүн, берилгендигин жана эмпатия сезимдерин баалоо максатында берилди. Журналисттер геноцидден отуз жыл өтсө дагы, чындыктын жана эс тутумдун маанилүүлүгүн эске салган адамдардын тарыхын жана тагдырын баяндап келишет.

"“Нино Чатич” журналистика сыйлыгын “Журналист болуу” ассоциациясы тапшырууда жана 1995-жыл 10-июлундагы акыркы отчету менен радионун жардамы менен дүйнөгө болуп жаткан кылмышты жарыялаган сребреницалык журналист Нихад Нино Чатичтин аты менен аталган.

Нино Чатичтин сөөгү азырынча табыла элек болсо да, анын мурасы чындыкты коргоо күрөшүн уланткан журналист муундары менен жашоосун улантууда.

“Журналист болуу” ассоциациясы (“Biti novinar” ) бул сыйлыкты 2019-жылдан бери Чатичтин жана башка сребреницалык журналисттердин элесине арнап берүүдө. Ошол эле учурда жаңы муунду чындыкты изилдөөгө жана билдирүүгө үндөп, бул чындыкты унутулуп калуудан сактоону көздөйт.

Иликте
Президент Эрдоган Алжирдин президенти Теббун менен cүйлөштү
Кувейт Ирандын  кол салууларын айыптады
Россия менен Афганистан аскердик кызматташтык келишимге кол коюшту
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
Эрдоган: «Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү