ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп кийинки максаты Куба болушу мүмкүн экенин кыйытты
АКШ президенти Венесуэла жана Ирандагы акыркы операциялар АКШнын аскердик күчүнүн натыйжалуу колдонулушун көрсөткөнүн белгилеп, аларга ийгилик катары баа берди.
Трамп кийинки максаты Куба болушу мүмкүн экенин кыйытты
АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү сүйлөгөн сөзүндө "Куба кезекте" деп айтты. / Reuters

АКШ президенти Дональд Трамп Куба Ирандан кийин АКШнын келечектеги аракеттеринин бутасы болушу мүмкүн экенин айтты.

Трамп АКШнын Венесуэла менен Ирандагы акыркы аскердик операцияларынын ийгилигин мисал келтирди.

Жума күнү Сауд Арабиядагы Future Investment Initiative бизнес конференциясында сөз сүйлөгөн Трамп: "Бул керемет армияны мен курдум. Колдонууга мажбур болбойсуңар дегемин бирок колдонууга мажбур болосуз. Эми кезекте Куба бар. Бирок мен муну айтпадым деп эсептегиле. Муну айтпадым деп эсептегиле. Суранам, суранам, суранам, суранам, маалымат каражаттары, бул билдирүүнү этибарга албагыла", - деди.

Кубанын тышкы иштер министринин орун басары жекшемби күнү берген маегинде өлкөнүн "АКШнын ыктымалдуу аскердик чабуулуна" даярданып жатканын айтты.

Карлос Фернандес де Коссио: "Армиябыз ар дайым даяр жана бул күндөрү ыктымалдуу (АКШ) аскердик чабуулга даярданып жатат. Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга көз жумуу акмакчылык болот",- деди.

Кассио оккупация болбойт деген үмүтүн билдирип: "АКШ өкмөтү эмне үчүн өз өлкөсүн Куба сыяктуу кошунасына каршы аскердик аракеттерге мажбурласын?",- деген суроону узатты.

Шейшемби күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Кубанын жетекчилиги өлкөдөгү электр энергиясынын өчүрүлүшү сыяктуу көйгөйлөрдү чече албай турганын жана жаңы лидерлерге муктаждык бар экенин айтып: "Кубанын иштебеген экономикасы жана аны оңдой албаган саясий-административдик системасы бар, ошондуктан алар түп тамырынан бери өзгөрүүлөрдү жасашы керек", —деди.

АКШ менен Куба 65 жылдан бери душман болуп келишкен; бирок, Трамп администрациясы Вашингтондон келген кысымды күчөтүүдө.

Иликте
Израилдин түндүгүндө жарылуу: 8 адам жаракат алды
Европа Биримдиги Орусиянын аскердик өнөр жайына каршы рекорддук сандагы жаңы санкцияларды кабыл алды
Украина: "Зеленский президент Эрдогандын ортомчулугунда Путин менен жолугушушу мүмкүн"
Судан менен Египеттин чек арасындагы аба соккусунан 72 кенчи каза болгон деген айыптоолор айтылууда
БУУ: "Жибутинин жээгинде кеме кырсыгынан 139 адам каза болуп, 84 адам дайынсыз жоголду"
АКШда коомдук каражаттар менен каржыланган Трампты колдогон жарнамаларды токтотуу чечими
Ирактын согуштук учактары өлкөнүн чыгышындагы ДЕАШ террордук уюмуна таандык жайларды талкалады
Йемен армиясы: "900дөн ашык хусит мүчөсү жок кылынды"
Бурханеттин Дуран Израилдин коргоо министри Кацтын билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү
Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясы хуситтердин кол салууларын айыпташты
Израиль ок атышпоого карабастан Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды