ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган: «Греция демилитаризацияланган аралдарды куралдандырууну токтотушу керек»
Эрдоган: «Эң батыштагы азиялык жана эң чыгыштагы европалык өлкө» катары Түркия менен бирдей баалуулуктарды бөлүшкөн ар бир демилгенин табигый бөлүгү болууну улантабыз».
Президент Эрдоган: «Греция демилитаризацияланган аралдарды куралдандырууну токтотушу керек»
Президент Эрдоган: "Греция демилитаризацияланган макамдагы аралдарды куралдандыруудан баш тартышы керек."

Президент Режеп Таййип Эрдоган 30 жыл мурун "Шанхай бештиги" деген ат менен пайдубалы түптөлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) убакыттын өтүшү менен болжол менен 30 өлкөнү жана эл аралык уюмдарды бириктирген эң ири аймактык уюмга айланганын билдирди.

Президент Эрдоган Кыргызстан тарабынан Бишкекте өткөрүлгөн ШКУ саммитине катышкандан кийин Түркияга кайтып келе жатып учакта күн тартиби тууралуу баа берди.

Эрдоган: "Эң батыштагы азиялык жана эң чыгыштагы Европа өлкөсү" катары Түркия менен бирдей баалуулуктарды бөлүшкөн ар кандай демилгенин табигый бөлүгү болууну улантарын баса белгилеп: "Аймагыбызда болуп жаткан ар кандай чыр-чатактарды жана кризистерди эл аралык укукка негизделген диалог жана дипломатия аркылуу чечүү боюнча принциптүү позициябызды улантабыз",- деп кошумчалады.

Грециянын аскердик эмес аралдарын куралдандыруу боюнча журналисттин суроосуна жооп берген Эрдоган буларды айтты: "Биз Греция менен жакшы коңшулук негизинде бирге кадам таштайлы деп жатабыз. Конструктивдүү мамиле жасаган тарап болдук. Бирок көбүнчө ак ниетибиздин кадырына жете алышкан жок. Ошондуктан Греция эң оболу муну түшүнүшү керек: Түркия эч кимдин жерине көз артпайт, бирок эч кимге да өз укуктарын тебелетпейт. Эл аралык келишимдердин этибарга алынбашы жана алардын бузулушу эч кимге пайда алып келбейт. Түркиянын токтоо жана акылга сыярлык мамилесин кимдир бирөө алсыздык катары кабыл алып жаткан болсо, ачык айтайын, чоң ката кетирип жатат. Греция түшкөн бул туура эмес жолунан кайтып, аскердик эмес аралдарын куралдандыруудан баш тартышы керек. Тарых андан сабак алгандар үчүн абдан жакшы жол көрсөткүч. Биз аймагыбызда тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук үчүн иштөөнү уланта беребиз".

Иликте
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти
Даниянын чалгын кызматтары орус саботаж ыктымалдуулугуна каршы эскертти