ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Греция: Студенттер жана мугалимдер кайрадан көчөгө чыгышты
Студенттер менен мугалимдер инфраструктуранын, кызматкерлердин жетишсиздигине жана мектеп имараттарынын эскилигине каршы нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат.
Греция: Студенттер жана мугалимдер кайрадан көчөгө чыгышты
Греция: Студенттер жана мугалимдер кайрадан көчөгө чыгышты

Грецияда мугалимдер менен бирге орто мектеп жана университет студенттери бүгүн кайрадан көчөгө чыгып, билим берүүгө көбүрөөк каражат талап кылышууда.

Нааразычылык акцияларынын алкагында, акысыз мамлекеттик билим берүүнү жактоо максатында Афина университетинин алдында митинг өткөрүлүшү пландаштырылууда.

Орто мектеп мугалимдеринин профсоюзу (OLME) мугалимдердин демонстрацияларга катышуусуна уруксат берүү үчүн жумушту төрт саатка токтото туруу чечимин кабыл алды. OLME басма сөз билдирүүсүндө: "Акысыз мамлекеттик билим алуу укугун, окуу мүмкүнчүлүгүн жана өздөрүнүн күтүүлөрүнө жооп берген жашоо укугун талап кылган студенттерибизди колдойбуз", - деп айтылды.

Студенттер жана мугалимдер инфраструктуранын жетишсиздигине, кызматкерлердин жетишсиздигине жана мектеп имараттарынын эскилигине каршы нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат.

Нааразычылык акцияларында жашоонун кымбатчылыгы да сынга алынууда.

Грецияда 21-октябрда башталган нааразылык акцияларынын биринчи толкуну негизинен борбор калаа Афина менен өлкөнүн экинчи чоң шаары жана ири университет борбору болгон Салоникиде 10 миңден ашык адамды чогулткан.

TRT/AFP

Иликте
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forum 2026 форумунда сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү
Россия: Starlink жана OneWeb саясий туруктуулукка коркунуч жаратууда
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Мекке коргонуу альянсына байланыштуу пикирин билдирди
Израилдин чабуулдарынан улам Газа тилкесинде 68 миллион тоннага чейин таштанды калды
Францияда мектеп автобусу кырсыкка учурады
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб үй камагына чыгуу үчүн 12 миллион доллар айып пул төлөдү