МАДАНИЯТ
4 мүнөт окуу
Түрк жумалыгы
Иш-чара БУУнун Венадагы кеңсесинде «Жибек жолундагы Түрк дүйнөсү» аттуу фотосүрөт көргөзмөсү менен башталды.
Түрк жумалыгы
Түрк жумалыгы / TRT

Түрк жумалыгы 2026-жылдын 12-январында Венада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасынын борбордук залында уюштурулган «Жибек жолундагы Түрк дүйнөсү» аттуу фотосүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи менен башталды. Ачылыш аземинде Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын операциялык ишмердүүлүк департаментинин директорунун милдетин аткаруучу жана кабыл алуучу тараптын өкүлү катары Бо Матиасен, Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев, Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары жана ТМУда төрагалык кылып жаткан өлкөнүн өкүлү катары Самир Шерифов ошондой эле БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Башкы директорунун орун басары Фату Хайдара жана БУУнун Космостук иштер боюнча башкармалыгынын (ЮНООСА) директорунун орун басары Дрисс Эль Хадани сөз сүйлөштү. Башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө Жибек жолу бүткүл Евразиядагы маданияттарды, экономикаларды жана коомдорду бириктирген жалпы тарыхый жана цивилизациялык мейкиндик экенин баса белгиледи. Ошондой эле, бүгүнкү күндө Түрк Мамлекеттер Уюму тарабынан өз ара байланыш, транспорт, сооданы жеңилдетүү жана элдер аралык алакаларды чыңдоо багытында ишке ашырылып жаткан демилгелер ушул тарыхый мурастын заманбап уландысы болуп саналаарын белгиледи. Түрк Мамлекеттер Уюмунун Катчылыгы жана Түрк академиясы тарабынан биргелешип уюштурулган бул көргөзмө Жибек жолунун боюндагы Түрк дүйнөсүнүн маданий мурасын, тарыхый тереңдигин жана географиялык биримдигин визуалдык баяндоо аркылуу тартуулайт. Ачылыш аземинен кийин Азербайжан Республикасынын Элчилиги тарабынан расмий кабыл алуу иш чарасы өткөрүлдү.

Венадагы Түрк жумалыгынын алкагында ТМУнун Ортоңку коридор боюнча «тегерек үстөл» жыйыны өттү

«Жибек жолунан Ортоңку коридорго чейин: Транспорт жана сооданы жеңилдетүү аркылуу байланышты өнүктүрүү» аттуу тегерек үстөл жыйыны, Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) тарабынан уюштурулган Венадагы Түрк жумалыгынын алкагында, 2026-жылдын 13-январында ЕККУнун Хофбург имаратында болуп өттү.

Тегерек үстөл жыйыны Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Башкы катчысы Феридун Х. Синирлиоглу жана Түрк Мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин ачылыш сөздөрү менен башталды. Ачылышта сөз сүйлөгөндөр транспорттук байланыш жана сооданы жеңилдетүү бүткүл Евразияда аймактык кызматташтыкты, экономикалык туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөдөгү маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жыйынды ЕККУнун Экономикалык жана Экологиялык ишмердүүлүгү боюнча координатору, Элчи Бакыт Жусупов  алып барды. Элчи Жусупов талкууларга багыт берип, аймактык интеграция жана көп тараптуу кызматташтык үчүн байланыштын маанилүүлүгүн белгиледи.

Тегерек үстөл жыйыны Эл аралык автомобиль транспорту биримдигинин (IRU) Башкы катчысы Умберто де Преттонун эл аралык автоунаа ташууларындагы глобалдык тенденциялар, санариптештирүүнүн ролу жана эл аралык коридорлор боюнча транспорттун натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн маанилүүлүгү тууралуу баяндамасы менен уланды.

Жыйында Азербайжан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин бөлүм башчысы Фариз Алиев, «Казакстан темир жолу» (КТЖ) Директорлор кеңешинин мүчөсү жана көз карандысыз директору, Казакстандын Төмөнкү Австриядагы ардактуу консулу Александр Андреас Ширхубер, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлү Нурмат Мусабеков, Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министрлигинин эксперти Айше Нур Йүжел, Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлигинин Эл аралык байланыштар, логистика жана рейтингдер башкармалыгынын башчысы Мирпулат Мирхамидов, Түрк мамлекеттеринин логистикалык борборлор жана жүк ташуучулар Альянсынын башчысы Аскар Кадыров,  «Hamburg Port Consulting» компаниясынын Европа боюнча вице-президенти Франк Буссе, Дүйнөлүк банктын транспорт жана логистика боюнча улук эксперти Луис С. Бланкас сыяктуу жогорку даражалуу кызмат адамдары жана эксперттер өз пикирлери менен бөлүштү.

ТМУнун Башкы катчысы өз сөзүндө Орто коридор Азия менен Европаны түрк географиясы аркылуу байланыштырган стратегиялык маанидеги Чыгыш–Батыш транспорттук каттамы катары өзгөцөлөнөрүн баса белгиледи. Башкы катчы бул коридор тарыхый Жибек жолунун заманбап уландысы экенин, аймактагы сооданын өнүгүшүнө жана экономикалык өсүшкө салым кошуу менен бирге, жеткирүү чынжырларын диверсификациялоого, туруктуулукка жана өнүктүрүүгө кызмат кыларын белгиледи.

Башкы катчы ошондой эле байланышты өнүктүрүү максатында ТМУ тарабынан ташталган конкреттүү кадамдарга токтолду. Бул алкакта транспорттук жана бажы процесстерин санариптештирүү, чек арадан өтүүнү жеңилдетүү, мультимодалдык логистикалык борборлорду өнүктүрүү, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин логистикалык борборлорунун жана жүк ташуучуларынын биримдиги сыяктуу ТМУга караштуу механизмдер аркылуу мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө тууралуу сөз кылды.

Тегерек үстөл жыйыны Австрия Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жеке секторунун өкүлдөрүн, ошондой эле ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин миссия башчыларын жана дипломаттарын бириктирип, пикир алмашууга мүмкүндүк берген кеңири жана камтуучу платформа түзүп берди.

Иш-чара Bibliotheksaal залында өткөн кабыл алуу менен аяктады. Кабыл алуу катышуучуларга расмий эмес байланыштарды түзүүгө жана таанышууга шарт түзүп, эл аралык уюмдар, улуттук мекемелер жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогду андан ары бекемдөөгө салым кошту.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"