САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Италиялык оппозиция лидери Израилге толук курал эмбаргосун киргизүүнү талап кылды
Италиянын мурдагы премьер-министр Жузеппе Конте оор экономикалык жана дипломатиялык санкцияларды киргизүүнү талап кылды.
Италиялык оппозиция лидери Израилге толук курал эмбаргосун киргизүүнү талап кылды
Italy's Interior Minister Piantedosi and Justice Minister Nordio address the lower house of parliament, in RomeFILE - Former Italian Prime Minister and Leader of 5-Star Movement Giuseppe Conte speaks at the lower house of parliament, in Rome, Italy, February 5, 2025. / Photo: Reuters / Reuters

Италиянын оппозициялык “Беш жылдыз кыймылынын” лидери Жузеппе Конте бейшемби күнү Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан улам кеңири курал эмбаргосун киргизүүгө чакырды.

"24 сааттын ичинде 100дөн ашуун адам өлдү. Эки жумада 300дөн ашуун бала каза болду", - деп деген Конте X (мурдагы Twitter) платформасында Израилдин саламаттыкты сактоо мекемелерин жана үйлөрүн бутага алууну улантып жатканын эске салды.

Конте Италия менен Европанын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөтү тарабынан жасалган мыкаачылыкка унчукпагандыгын айтып,  Европа Парламентинин позициясын сынга алып, бир гана  "тынчсыздануу" билдирүүсүнүн "маанисиз" экендигин белгиледи.

201 – 2021 -  жылдардын аралыгында премьер  - министрлик кызматын аткарган 60 жаштагы саясатчы: «Израилге толугу менен курал эмбаргосу киргизилип, өкмөт жетекчилери менен колдоочуларына каршы оор экономикалык жана дипломатиялык санкция ишке кириши керек»,- деди.

Италиянын түндүгүндөгү Милан шаарында болсо жүздөгөн киши Газада палестиналык журналисттердин өлтүрүлүшүнө нааразычылык билдирүү үчүн митингге чыкты.

2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газага жасаган кол салууларында көбү аялдар жана балдардан турган  50. 500дөн ашуун палестиналык каза болду. Өткөн жылдын ноябрь айында  Эл аралык Кылмыш Соту (ICC) Израилдин премьер-министри Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галланттын Газада жасаган согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камоо ордерин чыгарган.

Израиль өзгөчө Газадагы согушунан улам Эл аралык Сотто геноцид айыптоосу менен  соттолууда.

Иликте
Түркия төрт палестиналыктын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилдин «геноцид саясатын» сынга алды
БУУнун баш катчысы  17 жылдан кийин Дамаскка барды
Россиянын Украинага жасаган кол салуусунда жети киши каза болду
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"