САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Украина менен Евробиримдик Трамптын Орусияга каршы акыркы санкцияларын кубаттады
АКШнын жаңы санкциялары Орусиянын эки ири мунай компаниясын бутага алууда жана буга Москванын Украинадагы согушту токтотуу үчүн тынчтык жараянына “олуттуу ынтызар эместигин” шылтоолоп жатат.
Украина менен Евробиримдик Трамптын Орусияга каршы акыркы санкцияларын кубаттады
Украина менен Евробиримдик Трамптын Орусияга каршы акыркы санкцияларын кубаттады / Reuters

Украинанын АКШдагы элчиси шаршемби күнү президент Дональд Трамптын Орусияга карата көптөн күткөн санкцияларын кубаттап, Москвага каршы күч көрсөтүү гана натыйжалуу болорун билдирди.

Элчи Ольга Стефанишина: «Бул чечим күч жана бардык эл аралык мыйзамдарды колдонуп агрессорго максималдуу кысым көрсөтүү менен гана тынчтыкка жетишүүгө болору темасындагы Украинанын ырааттуу позициясына толук шайкеш келет», - деди.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да шаршемби күнү АКШнын Каржы департаментинин Орусиянын ири мунай компанияларына санкция киргизүү чечимин кубаттады.

“Бүгүн кечинде @SecScottBessent менен болгон сүйлөшүүнү жана Каржы департаментинин Орусиянын тынчтык процессине берилгендигинин жоктугуна карата негизги мунай компанияларына санкция киргизүү чечимин жогору баалайм,”- деп жазды фон дер Ляйен X социалдык тармагында.

Ляйен ошондой эле АКШнын санкциялары Евробиримдиктин Орусияга каршы 19-санкциясынын кабыл алынышы менен бирге "Атлантиканын эки тарабынан тең жамааттык кысымдын агрессорго каршы улана береринин ачык белгиси" экенин айтты.

АКШ Москванын Украинадагы согушту токтотуу үчүн тынчтык жараянына "олуттуу ынтызар эместигин" айтып, шаршемби күнү Орусиянын эки ири мунай компаниясы Роснефть жана Лукойлга каршы жаңы санкцияларды киргизди.

Каржы департаменти билдирүүсүндө бул чаралар Орусиянын энергетика секторун бутага алып, “Кремлдин согуштук машинасы үчүн каражат чогултуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу” жана “алсызданган экономикасын колдоо” максатын көздөгөнүн айтты.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте болсо шаршемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путинди “туруктуу кысым” аркылуу ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө алып келүүгө болорун айтты.

АКШнын президенти Трамп менен Ак үйдө өткөргөн пресс-конференциядан кийин журналисттерге маалымат берген Рютте: «Дайыма кысым көрсөтүү менен Путинди үстөлгө отургузуп, ок атышууну токтотууга макул кыла аларыбызга толук ишенем, андан кийин дагы башка сүйлөшүүлөр болот»,-деди.

Рютте Трамп менен Орусия-Украина согушун кантип токтотууну, НАТО кандай салым кошо аларын жана Путинди ок атышпоо келишимин кабыл алууга көндүрүү үчүн кандай кадамдар таштала аларын сүйлөшкөнүн айтты. Ал АКШнын президентин "бул маселе боюнча күчтүү позициясынан жана көз карашынан" улам "Путин менен сүйлөшүп, анын эсептөөлөрүн өзгөртүүгө жана ага бир аз убакыт бере ала турган жалгыз адам" деп мүнөздөдү.

Рютте АКШнын Украина үчүн коопсуздук кепилдигине кайра киришүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп АКШ, Канада, Жапония, Австралия жана тиешелүү Европа өлкөлөрү менен коопсуздук боюнча милдеттенмелеринин алкагында тыгыз кызматташтыгына көңүл бурду.

Иликте
Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан төрт палестиналык каза болду
Орусия Япониядан АКШнын ракеталык системаларын өз аймагынан чыгарууну талап кылды
Түштүк Корея менен Борбордук Азия лидерлеринен кызматташтык
Аббас Аракчи: "Бүгүнкү күндө кабыл алынган чечимдер стратегиялык тең салмактуулукту аныктайт"
Израиль менен Марокконун кызматташтыгы
Сауд Арабиясы: Аба коргонуу күчтөрү Мекке аба мейкиндигине кирүүгө аракет кылган УУАны жок кылды
АКШ менен Сирия эки тараптуу мамилелерди жана аймактык коопсуздук темаларын талкуулашты
Газанын саламаттыкты сактоо боюнча директору ДСCУ боюнча маанилүү эскертүү берди
Кремль: Орусия, АКШ жана Украина ортосундагы сүйлөшүүлөр октябрда башталышы мүмкүн
Украинанын Татарстанга жасаган дрон чабуулдарынан эки адам каза болуп, 12 адам жаракат алды
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Смотрич жана Бен-Гвир Британияга каршы санкцияларды жана элчини чыгарууну талап кылышууда
Хамас Израилдин Газадагы геноцидинин далилдерин жашырууга аракет кылганын айыптады
Орусия Украина жана АКШ менен үч тараптуу сүйлөшүүлөр кайра башталышы мүмкүн экенин билдирди
Кремль: "Путин Украинадагы жаңжал боюнча АКШнын өкүлдөрү менен "өтө ачык" сүйлөшүүлөрдү жүргүздү"
Пашинян: "Орусия аскердик базасын Армениядан чыгарып кетүүнү чечсе, буга каршы болбойбуз"
Кыргызстан менен Пакистан эки тараптуу соода көлөмүн 200 миллион долларга жеткирүүнү көздөшүүдө
Эрдоган: Түркия катары бүткүл дүйнөдө тынчтык, бейпилдик жана туруктуулук үчүн иштөөнү улантуудабыз
Рэтклифф «Трамп, Путин жана Зеленскийдин ортосунда үч тараптуу жолугушууну сунуштаган» деп айтылууда