ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: Террорсуз Түркия процессинин эч бир этабында соодалашууга жана компромисске орун жок
Президент Эрдоган террорсуз Түркия жана аймак максаттарына жеткенде өлкө үчүн жаңы барак ачыла турганын айтты.
Эрдоган: Террорсуз Түркия процессинин эч бир этабында соодалашууга жана компромисске орун жок
/ AA

Президент Режеп Таййип Эрдоган шейиттердин үй-бүлөлөрүнө жана ардагерлерге жолдогон катында террорсуз Түркия үчүн процесстин эч бир этабында соодалашууга, сүйлөшүүлөргө, жеңилдиктерге, жашыруун же жийиркеничтүү аракеттерге орундун жок экендигин, келечекте мындай нерсеге жол берилбей турганын белгиледи.

Эрдоган катында: «Бул процесстин эч бир этабында соодалашууга, сүйлөшүүгө, жеңилдиктерге, тымызын же жийиркеничтүү аракеттерге орун жок экендигин, мындан ары да мындай иштерге жол берилбешине ишенип коюуңуздарды өзгөчө суранам», - деди.

Террорсуз Түркия жана аймак максаттарына жеткенде Түркия үчүн жаңы баракчанын ачыларын белгилеген Эрдоган: «Миң жылдык туугандыгыбыз жаңы баскычка чыгат, ортобузга себилген келишпестик үрөнү түбөлүккө жок кылынат»,-деди.

Эрдоган террорсуз Түркия максаттарына байланыштуу бардык жарандарга кат жолдоп, ар бир улуттун жоопкерчилигин сезип, улуу жана күчтүү Түркия үчүн талыкпай иштөөнү уланткандарын баса белгиледи.

«Кандуу чынжырды бузууга чечкиндүүбүз”

Эрдоган Түркиянын акыркы 23 жылда ишке ашырган инвестициялары, долбоорлору, реформалары, кызматтары жана эрежелери менен аймактык жана глобалдык деңгээлде кадыр-барктуу позицияга көтөрүлгөнүн айтты. Алдыларына коюлган бардык тоскоолдуктарга карабастан, демократияны чыңдоо, укук жана эркиндикке жол ачуу, улуттук эрктин өлкөнүн бардык институттарында эгемендүүлүгүн камсыз кылуу үчүн эл менен биригишкенин баса белгиледи.

Эрдоган террордун бардык түрү менен күрөшүп: 86 миллион жарандын тынчтык, бейпилдик жана бир туугандыкта жашашы үчүн бардык керектүү кадамдардын ташталганын белгиледи. Эрдоган: «Өлкөбүздүн жарым кылымдан бери максаттарына жетүүгө тоскоол болгон кандуу чынжырды улутубуз менен бирге үзүүдө чечкиндүүбүз»,- деп Аллахтын уруксаты менен акыры террордон тазаланган Түркия жана аймак максатына жете тургандарын кошумчалады.

Эрдоган катында буларды да айтты: «Биз эмне кылып жатканыбызды так билебиз, стратегиялык ой жүгүртүү менен абдан амбициялуу бир максатка карай бара жатабыз»,-деди.

"Бул процессте эч качан соодалашууга, сүйлөшүүлөргө, концессияларга же жашыруун же жийиркеничтүү аракеттерге орун берилген эмес жана мындан кийин да жол берилбейт".

"Шейиттерибиздин рухуна зыян келтире турган, үй-бүлөлөрүбүздүн, ардагерлерибиздин көңүлүн оорута турган эч кандай кадамдар жасалган жок жана жасалбайт".

Иликте
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты