ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Анталья дипломатия форуму 2025 «Бөлүнгөн дүйнөдө дипломатияга ээ чыгуу» деген темада башталды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын демөөрчүлүгү менен тышкы иштер министрлиги тарабынан 11-13-апрель күндөрү өткөрүлүп жаткан 4-Анталья дипломатия форуму Антальяда башталды.
Анталья дипломатия форуму 2025 «Бөлүнгөн  дүйнөдө дипломатияга ээ чыгуу» деген темада башталды
/ AA

Түркиянын алдыңкы туризм шаары Антальяда башталган форум төртүнчү жылында дүйнөлүк лидерлер, дипломаттар, чечим кабыл алуучулар, эксперттер жана академиктерди чоң геосаясий өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгилде эл аралык маселелерди чечүү үчүн жолугуштурууда.

Иш-чара 11-апрелде президент Режеп Таййип Эрдоган жана тышкы иштер министри Хакан Фидандын ачылыш сөздөрү менен башталды.

Үч күнгө созула турган форум “Бөлүнгөн дүйнөдө дипломатияга ээ чыгуу" деген теманын тегерегинде калыптанууда, дипломатиянын аймактык жана глобалдык маселелерди чечүү үчүн жаңыдан кандайча долбоорлоно аларын талкуулоону максат кылууда.

Форумга 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары, 70тен ашуун министр анын ичинен 50 тышкы иштер министри жана эл аралык мекемелерден 60 жогорку мартабалуу өкүл да болгон

4000ден ашуун катышуучунун келмеси күтүлүүдө.

Катышуучулардын арасында окумуштуулар, эксперттер жана студенттер да бар. Делегациялардын келиши менен Анталья аэропортунда активдүүлүк күчөдү. Жалпысынан 140ка жакын өлкөдөн 450 өкүл жана 50гө жакын өлкөдөн 950 журналист аккредитацияланды.

Форумдун алкагында Жакынкы Чыгыштан Азия-Тынч океанга, Африкадан Латын Америкасына чейин көптөгөн аймактарда климаттын өзгөрүшү, терроризм менен күрөшүү, гуманитардык жардам, санариптештирүү, азык-түлүк коопсуздугу жана жасалма интеллект сыяктуу глобалдык маселелер карала турган 50дөн ашуун сессия болот.

Форумга жогорку мартабалуу ысымдардын арасында Азербайжандын Президенти Илхам Алиев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Сомалинин президенти Хасан Шейх Мохамуд, Черногориянын президенти Яков Милатович, Сьерра-Леоненин президенти Юлиус Маада Био, Индонезиянын президенти Прабово Субианто, Гвинея-Бисаунун мамлекет башчысы Виктор Хусоконг жана Гвинея-Бисаунун мамлекет башчысы Умаро Сионг, Косовонун президенти Вьоса Османи да бар.

Дипломатиянын жүрөгү Антальяда согууда

Анталиянын губернатору Эрсин Шахин бул жылы төртүнчү жолу өтүп жаткан форумду өткөрүү менен сыймыктанганын билдирди.

Шахин, дүйнөлүк деңгээлде таанылган Антальянын мамлекет жана өкмөт башчыларын, тышкы иштер министрлерин, көп сандаган бейөкмөт уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, окумуштуулар менен басма сөз өкүлдөрүн кабыл аларын билдирди. Ошондой эле шаардын ири иш-чараларды өткөрүүдөгү ийгиликтерин баса белгиледи.

Иликте
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Галатасарай Франциядан 3 упай менен кайтып келди
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду
Кубанын тышкы иштер министри: "АКШнын санкциялары кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алууда"