ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Палестинанын БУУдагы өкүлү Газада Израилдин мыйзамсыз кыргындарын токтотууну суранды
Риад Мансур Израилди блокадага алынган аймакка жардамдардын өткөрүлүшүнө уруксат берилди деген жаңылыш таасир жаратыууга аракет кылып бирок ал жерде жашоону мүмкүн эмес абалга алып келүүнү улантуу менен айыптады.
Палестинанын БУУдагы өкүлү Газада Израилдин мыйзамсыз кыргындарын токтотууну суранды
/ United Nations

Палестинанын БУУдагы өкүлү Коопсуздук Кеңешине кайрылып, Газада курчоо астындагы палестиналык балдарга карата «геноцидди» токтотуу үчүн тез арада чара көрүүнү суранды.

Рияд Мансур шаршемби күнү жасаган билдирүүсүндө палестиналыктардын «көптөн бери суу, тамак-аш, дары-дармексиз жашоо үчүн күрөшүп жаткандыгын» деп айтып, Кеңешти аракетсиздиги үчүн айыптады.

«Түшүнүксүз абал. Канчага чейин күтөсүңөр?”

Мансур Израилди ал аймакка жардам жеткирип жаткандай таасир калтыруу аракетинде болуп жатканын айтып: «Газада жашоону мүмкүн эмес кылып жатат» деп айыптады.

«Эгер Израиль жардамдарды киргизүүнү каалаганда чек араларды ачып, БУУ менен өзгөчө да UNRWA ( БУУнун палестиналык качкындарга жардам берген агенттиги) менен бирге башка гуманитардык жардамдын киришине дароо уруксат бермек», - деди.

Израилдин палестиналыктарды жер котортууну максат кылганын жактаган Мансур : “Негизги маселе палестиналыктардан кутулуу; аларды жок кылуу, ачка калтыруу жана жашоону каалагандарга тандоо жолун калтырбоо”,- деди.

Ал ошондой эле кызмат учурунда тогуз баласын жоготкон доктор Ала ан-Нажжардын кайгылуу окуясын айтып берди.

«Эгер биз бул геноцидди ал өлтүрүлбөстөн токтотуубуз керек. Дарыгер катары адам өмүрүн сактоо миссиясын аткарып жаткан дарыгер Нажжар балдарынын өлүү жана күйгөн денесин көрбөс эле», - деди.

«Ал он баласынын тогузун жоготту, бул акылга сыйбас, жүрөккө батпаган кайгы жана травма», - деп кошумчалады.

‘От жана ачкачылык палестиналыктарды жалмап жатат’

Балдардын кыйынчылык тартып жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Мансур: «Беш жашка чейинки балдар жашоону эмес өлүмдү издеп жатышат, анткени үй-бүлөлөрүнүн жана бир туугандарынын көптөгөн жакындарын жоготуу кайгысын көтөрө алышпайт», - деди.

Мансур Израиль март айында ок атышууну бузгандан бери өлтүрүлгөн балдардын санын эске салуу менен көз жашын токтото алган жок.

«Балдар ачкачылыктан өлүп жатышат, энелер алардын кыймылсыз денелерин кучактап, чачтарын сылап, алар менен сүйлөшүп, кечирим сурап жатышат», - деди.

«Менин неберелерим бар. Үй-бүлөлөрү үчүн кандай мааниге ээ экенин билемин жана палестиналыктардын абалын көрүп туруп, эч бир кыймыл кылбастан жөн гана карап туруу - бул чектен ашуу”,- деп кошумчалады.

«Жалын жана ачкачылык палестиналык балдарды жалмап жатат. Ошондуктан биз, бардык палестиналыктар, кыжырдуубуз», - деди.

«Мен сиздерге ишенимдүү айта алам, биз Палестинада Римдин зайтун дарактарынан да терең тамыр жайганбыз. Эч жакка кетпейбиз. Өз мекенибизде калабыз», - деди.

Коопсуздук Кеңешин аракетке өтүүгө чакырган Мансур: «Бир нерсе кылыңыздар. Палестина элине каршы бул кылмышты, бул геноцидди токтотуңуздар», - деп талап кылды.

Иликте
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция