Орус армиясынын Украинанын ар кайсы аймактарына аба соккуларынан кеминде 8 жайкын тургун каза болуп, 23 киши жаракат алды.
Украинанын Мамлекеттик Өзгөчө кырдаалдар кызматынын (DSNS) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, түнкү жана эртең мененки сааттарда Украинага жасалган орус аба соккулары тууралуу маалымат бөлүшүлдү.
Билдирүүдө Киев-Одесса жолу дрон менен бутага алынганы жана 2 адам каза болуп, 4 адам жаракат алганы кабарланды.
Ошондой эле Киев, Хмельницкий жана Харьков аймактарына да сокку урулганы маалымдалган билдирүүдө, 5 адам каза болуп, 13 адам жаракат алганы белгиленди.
Киевдин мэри Виталий Кличко да өзүнүн социалдык медиа аккаунтунда орус армиясы шаарга кол салганын жарыялады.
Кличко кол салууда май куюучу жайга сокку урулганын билдирип, алгачкы маалыматтар боюнча бир адам каза болуп, алтоо жаракат алганын кошумчалады.
Украинанын аба күчтөрүнүн командачылыгынын социалдык медиа аккаунтунан берилген билдирүүдө болсо, орус армиясы тарабынан өлкөгө түнкү чабуулдарда колдонулган 165 ар кандай типтеги учкучсуз учуучу аппараттардын 115и жок кылынганы кабарланды.




















