Кремль Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин 7-10-май күндөрү Орусияга барып, фашисттик Германияны жеңүүсүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттарга кесиптеши Владимир Путин менен бирге катышарын билдирди.
Бул сапар АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода тарифтерине байланыштуу чыңалуу күчөгөн учурга жана 9-майда Орусиянын Экинчи Дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнүнө карата Украинада үч күндүк ок атышпоо жарыяланышы менен дал келүүдө.
2022-жылдын февраль айында Путин Украинага кол салганын билдиргенден бир нече жума мурун Москва менен Пекин “чексиз өнөктөштүк” жарыялагандан бери эки өлкө Батышты тынчсыздандырган альянстын алкагында соода жана аскерий алакаларын кеңейтүүдө.
Кремль жекшемби күнү Си Цзиньпиндин Путин менен "өз ара өнөктөштүк жана стратегиялык байланыштарды өнүктүрүү" жана "эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер" боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрө аларын айтып, эки мамлекеттин ортосундагы мамилени расмийлештирүү үчүн "бир катар документтерге" кол коюу керектигин кошумчалады.
Жекшемби күнү мамлекеттик телеканалга берген интервьюсунда Орусия менен Кытайдын кызыкчылыктары “шайкеш” келгенине токтолгон Путин, эки мамлекеттин ортосундагы байланыштарды “чыныгы стратегиялык жана терең мамилелер” деп сыпаттады.
Путин кошуна Украинадагы согуштук аракеттерди 8-10-майга чейин убактылуу токтотууну буйруса, Украинанын президенти Владимир Зеленский муну “шоу” катары четке какты.
Кытай үч жылга созулган бул жаңжалда өзүн бейтарап тарап катары көрсөтүп келет, бирок Батыш өлкөлөрү анын Орусия менен тыгыз байланышы Москвага экономикалык жана дипломатиялык жактан чоң колдоо көрсөттү деп эсептешет.
Зеленский апрель айында Кытайды Орусияга курал-жарак жеткирүүдө деп айыптап, кеминде 155 кытай жараны орус күчтөрүнүн катарында согушуп жатканын билдирген.
Пекин өзүнүн жаңжалга тиешеси бар деген күнөөлөөлөрдү “бурмаланган айыптоо” катары четке какса, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү жекшемби күнү “эл аралык тартип терең өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткан” учурда өлкөсүнүн Орусия менен тарыхый жана стратегиялык байланыштарын баса белгиледи.
Кытай менен Орусия Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму жана БРИКС өлкөлөрү сыяктуу көп тараптуу платформаларда тыгыз кызматташтыкты мындан ары да бекемдейт», - деп билдирди Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы басма сөз катчысына шилтеме жасап. Басма сөз катчы ошондой эле “Пекин менен Кремль бир тараптуулукка жана ири күчтөрдүн кысымына каршы туруу үчүн алыскы түштүк өлкөлөрү менен кызматташууну чыңдап, адилеттүү глобалдык башкарууну жана инклюзивдик экономикалык ааламдашууга көмөктөшөт”, деди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдан келген көптөгөн импорттук товарларга 145 пайызга чейин тариф киргизген. Пекин болсо АКШ товарларына 125 пайыздык тариф менен жооп кайтарган.
Экинчи Дүйнөлүк согушка байланыштуу Кытайдын басма сөз катчысы «Экинчи Дүйнөлүк согуштун Азия менен Европадагы эки негизги фронту катары Кытай менен Орусия эбегейсиз курмандыктарга барышты жана антифашисттик согушта жеңишке жетүү үчүн чоң тарыхый салым кошушту» деди. Бул жагдайда Кремлдин Украинага карай агрессиясын Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германияга каршы күрөшкө параллелдүү деп мүнөздөдү.
9-майда Москванын Кызыл аянтында өтө турган аскердик парадга Си Цзиньпин менен катар Орусиянын салттуу союздаштарынын көптөгөн лидерлери катышары күтүлүүдө.














