ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Глобалдык Сумуд флотилиясынын активисттери Түркиянын Стамбул шаарына жетишти
Израилдин Газага багыт алган Глобалдык Сумуд флотилиясына мыйзамсыз кол салуусунан кийин 36сы түрк жараны болгон 137 активист жеке учак менен Стамбулга келди.
Глобалдык Сумуд флотилиясынын активисттери Түркиянын Стамбул шаарына жетишти
Стамбулда Глобалдык Сумуд флотилиясын кармоого каршы нааразылык акциясы / Reuters

Эл аралык сууларда Израиль тарабынан кармалган Глобалдык Сумуд флотилиясынын активисттерин ташыган учак Израилдин Эйлат шаарындагы Рамон аэропортунан ишемби күнү Стамбулга учуп келди.

Түрк аба жолдоруна таандык учак Стамбулга Гринвич убактысы боюнча саат 12:40та конду.

Глобалдык Сумуд флотилиясынын активисттерин Стамбулга келгенде түрк расмий өкүлдөрү тосуп алышты.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан активисттерди тосуп алып, алардын кайраттуулугу менен чечкиндүүлүгүн жогору баалады.

Ал калган түрк жарандарынын тез арада кайтып келүүсүн камсыз кылуу үчүн аракеттер уланып жатканын белгиледи.

Фидан бул кайраттуу адамдар зулумдукка каршы ардактуу позицияны ээлеп, адилеттүүлүк жана адамдык баалуулуктар үчүн күрөшүү аркылуу басмырланган адамдардын үнү болуп жатканын баса белгиледи.

Anadolu агенттигинен алынган маалыматка ылайык, активисттер расмий иш-аракеттерин бүтүргөндөн кийин, эртең менен Рамон аэропортуна конгон учакка отуруп, кийин Стамбулга учуп кетишкен.

Учакта Глобалдык Сумуд флотилиясынын 137 мүчөсү, анын ичинде 36 түрк жараны болгон.

Түркиянын дипломатиялык булактарынын маалыматына караганда, учакта АКШ, БАЭ, Алжир, Марокко, Италия, Кувейт, Ливия, Малайзия, Мавритания, Швейцария, Тунис жана Иордания сыяктуу 12 башка өлкөнүн жарандары да болгон.

TRT World телеканалына сүйлөгөн түрк активисти Израиль бийлиги тарабынан камакта адамгерчиликсиз мамилеге дуушар болушканын, үч күн бою суу берилбей, намаз окууга да уруксат берилбегенин айтты.

Иликте
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды