ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Израиль учактары Дамасктын друз келишиминен кийин Сириянын президенттик сарайына жакын жерлерди атты
Дамаск кол салууга макулдашуу аракеттерин бузуу жана көзөмөлдү түзүүгө карата жасалган атайын аракет катары кароодо.
Израиль учактары Дамасктын друз келишиминен кийин Сириянын президенттик сарайына жакын жерлерди атты
/ AP

Израилдин аскердик учактары жума күнү эрте менен Сирия өкмөтү менен друз лидерлеринин арасында коопсуздукту камсыздоо жана жергиликтүү топторду куралсыздандыруу максатында Дамасктын Жарамана аймагында түзүлгөн маанилүү келишимден кийин Сириянын президенттик сарайына жакын жерлерди бутага алды.

Кол салуулар Израилдин ушул аптада Сирияга карата жасаган экинчи аба чабуулу — өлкөнүн жаңы түзүлгөн өкмөтүн жана президент Ахмед Шаранын символикалык бийлик борбору болгон Элдик сарайдын жакындарын бутага алды. Бул кол салуу Сирия бийлигинин Друз өкүлдөрү менен мамлекеттин көзөмөлүн бекемдөөнү жана жуманын башында чыккан сектанттык кагылышуулардын кайталанышын алдын алууга багытталган маанилүү келишимге кол койгондон бир нече сааттан кийин болду.

Сириянын маалымат министрлиги эки башка кол салууда өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнөн 11 кызматкердин каза болгонун жарыялады.

Израиль кол салууну Сириянын түштүгүндөгү друз жамааттарын коргоо үчүн жасалган коргоочу кадам катары жактады жана бул коомдордун   коопсуздугу туурадуу тынчсыздануусун билдирди. Бирок Дамаск кол салуунун убактысын улуттук элдешүү аракеттерине доо кетирүү жана Израиль аскерлери 2024-жылдын аягынан бери басып алган Сириянын демилитаризацияланган буфердик зонасында үстөмдүк орнотуу үчүн жасалган атайын кадам деп эсептөөдө.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана коргоо министри Исраэль Кац биргелешкен билдирүүсүндө, Сирия күчтөрү түштүк тарапка жыла турган болсо дагы көп кийлигишүү менен коркутушту.

Бирок сириялык жетекчилер Израилдин баянына терең стратегиялык  максаттар үчүн бир парда сыяктуу баа беришүүдө. Өкмөттүн катчысы : «Израиль азчылыктарды коргоо шылтоосу менен Сириянын эгемендигин бузууну улантууда»,- деди жана Дамасктын аймакты туруктуулукка алып келүү үчүн жергиликтүү друз лидерлери менен жакын иш алып баргандыгын кошумчалады.

Бейшемби күнү эртең менен Жараманадагы друз аксакалдары жана өкмөт өкүлдөрү коопсуздук боюнча кеңири пакет боюнча макулдашышты. Келишим оор куралдарды мамлекетке өткөрүп берүү, ички иштер министрлигинин күчтөрүн жайгаштыруу жана жарандарды коргоо үчүн жаңы көзөмөл пункттарын түзүү кирет; бул бардык кадамдар коомдордун лидерлери жана борбордук өкмөт тарабынан улуттук биримдикке кеткен жол катары ыраазычылык менен кабыл алды.

Друз диний ишмерлери да бөлүүчү күн тартибин коомчулукта четке какты жана бириккен Сирия мамлекетине берилгендиктерин ырасташты. Сувейда провинциясынан жасалган билдирүүдө: "Биз ички ишибизге чет элдик кийлигишүүнү жана кандайдыр бир бөлүнүүнү четке кагабыз",- деп айтылды. Сириянын друз калкынын көпчүлүгү жашаган бул аймак, аталган билдирүүнүн булагы болду.

Серепчилер Израилдин абадан кол салууларынын Сириянын ички туруктуулугун бекемдөө жана көптөгөн жылдарга созулган кагылышуудан кийин күчүн  көрсөтүү аракеттерине тоскоолдук кылып жатканын белгилешет. Дамаск Тель-Авив азчылыктардын кооптонууларын аскердик агрессияны актоо жана өзгөчө Голан дөңсөөлөрүндө Сириянын түштүгүндөгү оккупациясын улантуу үчүн колдонуп жаткандыгын ырастоодо.

Израиль друздардын кызыкчылыктарын жактоону талап кылса да Сириянын өзүнүн друз жарандарынын саясий эркине көңүл бурбоону улантууда. Бул  жарандардын көбү мамлекеттин эгемендүүлүгүн колдоп, чет элдик кийлигишүүгө каршы чыгууда.

Израилдин абадан сокку уруулары, ошол эле учурда Тель-Авивдин коңшу өлкөлөрдөгү жана аймактардагы туруксуздукту жаратуучу ролуна карата аймактык сындын күчөшү менен бирге жүрүп жатат. Ливан жана Газа сыяктуу аймактардагы аскердик кийлигишүүлөр, Израилдин чек араларынан тышкаркы аскердик операцияларынын мыйзамдуулугу боюнча дагы көп суроолорду жаратууда.

 

Иликте
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"