ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Сомалинин борбор шаары Могадишодо Африка Биримдигинин тик учагынын кулагандыгы билдирилди
Африка Биримдигинин коопсуздук миссиясын аткаруу үчүн Сомалиге карай жолго чыккан тик учак өрттөндү.
Сомалинин борбор шаары  Могадишодо Африка Биримдигинин тик учагынын кулагандыгы билдирилди
/ Reuters
2 Июль 2025

Мамлекеттик маалымат агенттиги SONNA шейшемби күнү Африка Биримдигинин тынчтык күчтөрүнүн миссиясына таандык аскердик тик учак Сомалинин борбору Могадишодогу аэропортко кулап түшүп, кулагандан кийин күйүп кеткенин билдирди.

SONNA социалдык медиа платформасы X аркылуу жасаган билдирүүсүндө, Африка Биримдигинин Сомалиге колдоо жана туруктуулук миссиясына (AUSSOM) таандык, ичинде сегиз кызматкер болгон тик учактын конуу учурунда кулап түшкөнүн, ал эми өрттүн көзөмөлгө алынгандыгын жарыялады.

Кырсыктан жабыркагандар тууралуу дароо маалымат берилген жок. AUSSOM миссиясынын өкүлү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Reuters агенттигине маалымат берген аэропорттун кызматкери Фарах Абдулле :"Биз жарылууну уктук, тик учактын үстүнөн түтүн менен кошо жалынды көрдүк. Түтүн тик учакты толугу менен каптады", - деди.

AUSSOM Сомали армиясынын "Аш-Шабаб" террордук уюмуна каршы күрөшүнө колдоо максатында өлкөдө 11 000ден ашуун кызматкерин кармап турат.

Ал-Каида менен байланышы бар бул топ дээрлик жыйырма жылдан бери Сомалинин эл аралык деңгээлде таанылган өкмөтүн кулатып, өз бийлигин орнотууга аракет кылууда.

Иликте
Орусиянын Украинага кол салуусунан үч адам каза болду
Пентагон Кубага ыктымалдуу операцияны пландаштырууну тездетүүдө
ФИФАнын төрагасы: Иран сөзсүз түрдө Дүйнөлүк чемпионатка катышат
Түркия парламентинин төрагасы Куртулмуш Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотууну талап кылды
Жакынкы Чыгыштагы согуш: энергетикалык зыян 58 млрд долларга жетиши мүмкүн
Иран Ормуз кысыгында АКШ блокадасы улантыла турган болсо Кызыл деңизди жабуу менен коркутту
Зеленский: АКШ Иран согушунан улам Украинага убакыт бөлө албай жатат
Трамп Иранда бурулуш жери белгисин берди:  ок атышууну токтотуу узартылбашы мүмкүн
Түркия жаңы маалыматтар демилгеси аркылуу жасалма интеллекттеги дезинформацияга каршы күрөшөт
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду