ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израиль армиясынын Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 74 миң 377ге, жаралуулардын саны 175 миң 398ге жетти.
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдин Газага чабуулдары

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Израилдин 2023-жылдын октябрынан бери Газага жасаган кол салууларынан каза болгондорго байланыштуу акыркы маалыматтар бөлүшүлдү.

Израиль армиясынын ок атышпоого карабастан күнүмдүк кол салууларын жана бузууларын улантканы баса белгиленген билдирүүдө, Израилдин кол салууларынын натыйжасында Газада акыркы 24 саатта 7 адамдын жансыз денеси жана 28 жаралуунун ооруканаларга жеткирилгени айтылды.

Билдирүүдө ок атышпоо келишими күчүнө кирген 2025-жылдын октябрь айынан бери Израилдин кол салууларынан 1488 кишинин каза болгону, 5 миң 281 кишинин жараланганы кабарланды.

Ошол эле мезгилде 836 кишинин сөөгү урандылардын астынан чыгарылып, Израилдин Газага кол салууларынын башталышынан бери каза болгондордун жалпы саны 74 миң 377ге, жаралуулардын санынын 175 миң 398ге жеткени маалымдалды.

Газа тилкесинде урандылардын астында дагы деле миңдеген сөөктөрдүн бар экени айтылууда.

Иликте
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forum 2026 форумунда сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү
Россия: Starlink жана OneWeb саясий туруктуулукка коркунуч жаратууда
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Мекке коргонуу альянсына байланыштуу пикирин билдирди
Израилдин чабуулдарынан улам Газа тилкесинде 68 миллион тоннага чейин таштанды калды
Францияда мектеп автобусу кырсыкка учурады
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб үй камагына чыгуу үчүн 12 миллион доллар айып пул төлөдү